KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Соттор менен жергиликтүү бийлик органдары жарандардын көйгөйлөрүн биргеликте чечет

20 ноября 2019

2019- жылдын 19- ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара  Калиева  Бишкек шаарынын мэри жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.


Жолугушууга Бишкек шаардык прокуратура жана ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү жана Бишкек шаардык сотунун,  райондук соттордун  төрагалары, райондук администрацияларынын  башчылары катышышты.


Иш чара   соттор менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы байланыштарды бекемдеп,  элдин көйгөйлөрүн биргеликте  чечүү максатында уюштурулган.


Бишкек шаарынын мэри  Азиз Суракматов жеке менчикке өтүп кеткен муниципалдык жерлердин, анын ичинде сейил бактарынын аймактарындагы жерлерди кайтарып алуудагы айрым көйгөйлөр тууралуу айтты. Калаа башчысы бул боюнча  биргеликте иштөө зарыл экендигин белгиледи.


Г.Калиева Бишкек шаарында Адилет сот үйүн куруу пландалып жатканы тууралуу маалымат берип, анда 1-2-инстанциядагы соттор менен Сот департаменти жайгашып,  жарандар үчүн ыңгайлуулук жаратаарын айтты.  Буга байланыштуу аны куруу үчүн жер тилкесин караштырып берүүнү сунуштады.


Мындан тышкары Жогорку соттун төрайымы элдин сотторго болгон ишенимин жогорулатуу үчүн, судьяларды жергиликтүү бийлик органдары менен бирге элдер менен жолугуп,  жеринде маселелерди чечүүгө көмөктөшүүгө чакырды.


Өз кезегинде  Бишкек шаарынын мэри,  райондордун администрация башчылары мындай жолугушуу биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгын айтышып, Жогорку соттун төрайымынын биргеликте иш алып баруу демилгесин колдошту.