2019-жылдын 15-августунда Баткен областынын Баткен райондук сотунун судьясы Индира Турдумамбетова Кара-Булак жана Кара-Бак райондорунун айыл өкмөттөрү, айыл аксакалдары жана жер адистери менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда катышуучулар тарабынан жашы жете элек балдарды көзөмөлгө алуунун жана жаш кыздарды алып качууга тыюу салуунун жолдору тууралуу, ошондой эле жер маселелери боюнча талаш- тартыш жана юридикалык фактыларга байланышкан укуктук маселелер боюнча суроолор берилип, аларга кеңири жооптор берилди.
Кездешүүнүн аягында, Баткен райондук сотунун судьясы Индира Турдумамбетова Кара-Булак жана Кара-Бак райондорунун айыл өкмөттөрү, айыл аксакалдары жана жер адистери жолугушууга келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.