2020-жылдын 29-октябрында Ысык-Көл областтык сотунун судьясы Шамбетова Мира Узбековна студенттерге видеобайланыш аркылуу лекция окуду. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик юридикалык академиясынын Ысык-Көл юридикалык институтунун 2-курсунун студенттери катышышты.
Лекциянын жүрүшүндө Мира Шамбетова катышуучуларга жер укугу жана жер мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдар жөнүндө жалпы түшүнүк берип, жер тилкелеринин түрлөрү жана категориялары, жер участогуна укуктарды берүүчү атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана аларды берүү негиздери жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары, жер участогуна менчик укугу, жарандардын жер тилкелерди менчикке же пайдаланууга акысыз жана акы төлөп алуу укуктары, жер талаштарынын түрлөрү, жер участогун алып коюунун өзгөчө учурлары жана башка маанилүү суроолор боюнча маалымат берилди.
Иш чаранын соңунда судья сабакка жигердүү катышкандыгы үчүн студенттерге ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалап, Ысык-Көл областтык сотунун судьялары институт менен кызматташууга кызыктар экенин жана ар түрдүү жолугушуулар жана лекциялар улантыларын белгиледи. Өз кезегинде, мугалим менен студенттер Фемида кызматкеринин кызыктуу жана мазмундуу лекциясы үчүн алкыш айтышты.
Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы
Гульзада Аширбаева