Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун судьясы Бакытбек Мажитов К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин мугалимдери менен жолугушту.
Анда, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген кодекс жана мыйзамдар багытында сөз болуп, анын практикада колдонуудагы жагдайлары боюнча талкуу жүрдү. Ошондой эле, мугалимдер сот тутумундагы жүрүп жатканы реформа, соттордун жоопкерчилиги жана сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашыруудагы аракеттер туурасында суроолорду беришип татыктуу жопторду ала алышты.
Жолугушууга Жалал-Абад областтык прокуратурасынын тергөө органдарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору М.У.Сыдыгалиев, «Бекболот-Консалт» юридикалык компаниянын жетекчиси Б.Т.Төрөбеков жана адвокат Ч.А.Мырзабеков катышты.
Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы