KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунун судьясы түз эфирде Жарандык процесстик кодексине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө айтып берди

23 июня 2020

Талас облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Жылдыз Жумагулова Талас облустук телерадио компаниясынын түз эфиринде мамлекетибиздеги сот системасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформасы боюнча, теманы улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча жаңылыктар менен кеңири тааныштырды.


Алып баруучунун суроолоруна ал Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө жана анын ичинде мамлекеттик алымды кайтарып берүү маселелери боюнча кеңири түшүндүрмө берди.


Ошондой эле, «никени бузуу» темасы боюнча кеңири маалымат берилип жана алардын себептери жөнүндө Талас облусундагы учурлардын ушул категориясы боюнча жалпы статистика менен коомчулукту тааныштырды. Анын ичинен ажырашуунун себептеринин бири болуп, жубайлардын ортосундагы пикир келишпестиктер, материалдык кыйынчылыктар жана үй-бүлөлүк зомбулуктар экендигин белгиледи.


Мындан тышкары, судья мурасты кабыл алууда келип чыккан кесепеттерин айтып берди.


Эфирдин соңунда судья баарына чын ден-соолук, иштерине ийгилик жана мамлекетибиздеги вирустук илдетке каршы күрөөшүүдө бекем туруштукту сактоого чакырды.


Талас облустук сотунун


басма сөз катчысы А.К.Чекеева