KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар Ак-Суу районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жолугушту

19 августа 2019

2019-жылдын 16-августунда Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу  Айбек Молдакунов, орун басарынын милдетин аткаруучу Гулкайыр Алиева, Ак-Суу райондук сотунун төрагасы Нурдин Ибраимов, судьялар Эрмек Шаршеев жана Руслан Маматкулов  Ак-Суу районунун акиминин орун басары Нурлан Кыдыров, аксакалдар сотторунун төрагалары, айыл өкмөттөрдүн жооптуу катчылары, жетектөөчү адистери, юристтери, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлумүнүн жооптуу кызматкерлери, нотариус жана башка бир катар мамлекеттик кызматкерлери менен жолугушту.


Жолугушууда 2019-жылдын 1-январынан тартып мыйзамдуу күчүнө кирген кодекстер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси, пробация жөнүндөгү мыйзам талкууланып, аксакалдар соттору менен маектешип, алардын ишмердүүлүгүнө   байланыштуу усулдук жардам көрсөтүү маселеси каралды.


Мындан тышкары, катышуучулар айыл өкмөттөрдүн жооптуу катчыларынын милдеттерине токтолуп,  аларга мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга муктаж жарандарга туура багыт берүү максатында тиешелүү маалыматтар берилди.


Жыйындын соңунда судьялар катышуучуларга жолугушууга келгендиги үчүн  ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалашты.


 


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева