Бүгүн Нарын облустук сотунда, облустук соттун жана тоолуу аймактын жер-жерлеринде биринчи инстанцияларында эмгектенип жатышкан судьялардын башын коштурган жыйын болуп өттү. Жыйында Кыргыз Республикасынын “Соттук өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Судьялар кеңешине талапкерлерди көргөзүү боюнча маселе каралды.
Чогулуштун жүрүшүндө Судьялар кеңешине биринчи инстанцияда иштешкен 3 судья жана облустук соттон 1 судьянын кандидатуралары бир добуштан жактырылды.
Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Барктабас Белеков