KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышуунун чеберчилигин өздөштүрүп жатышат

24 июля 2019

Бүгүн,  2019-жылдын  24-июлунда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту  жана  USAID — IDLOнун Кыргыз Республикасындагы сот системасына элдин ишеним деңгээлин күчөтүүгө  багытталган программасы   менен биргеликте  «ЖМК менен байланышуунун чеберчилиги» деген аталыштагы эки күндүк тренинг  өз  ишин баштады.


Иш чараны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Нургуль Асанова,  Өнүгүү укугу боюнча эл аралык  уюмунун   (IDLO) директору Фред Хьюстон ачып беришти.


Н. Асанова тренингдин зарылчылыгын жана сот тутумунун ачык айкындуулугун камсыздоодо  окутуунун маанилүүлүгүнө  токтолду. Анын айтымында,  жалпыга маалымдоо каражаттары  менен болгон өз ара байланышты бекемдөө менен  сот  тутуму өз убагында жана так маалыматтарды  массалык маалымат каражаттарына жеткирип, алар менен  тыгыз кызматташуусу  керек экендигин кошумчалады.


Эки күнгө созулган окутуунун алкагында медиа-эксперт, тележурналист  Марс Тулегенов коомчулук алдында чыгып сүйлөөнүн негизги чеберчилиги жана ага даярдануунун технологиясы тууралуу айтып берет. Тренингдин  катышуучулары  видеокамерага тартылуунун алдында өзүн- өзү алып жүрүү эрежелерин, сөз чеберчилигинин техникалык негиздерин, анын ичинде туура дем алуунун көнүгүүлөрү  тажрыйба жүзүндө көрсөтүлүп берилет.


Иш чарага Бишкек шаарынын, Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас областык сотторунун төрагалары жана судьялары катышып жатышат.