KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облусунун судьяларына практикалык жардамдар көрсөтүлдү

18 октября 2019

2019-жылдын 17 –октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Каныбек Бокоев жана Жогорку соттун судьясы Кыдык Джунушпаев Баткен облусунун  жергиликтүү  сотторунда болуп, практикалык жардамдарын көрсөтүштү.


Алар үстүбүздөгү жылдын 9 айынын ичинде облустун  жергиликтүү соттору тарабынан каралган жазык иштери менен жакындан таанышып чыгышты.


Баткен облустук  сотунда жергиликтүү соттор менен жыйын өткөрүлүп, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген кодекстер жана мыйзамдар, жергиликтүү сотторду санариптештирүү, практикалык жардам көрсөтүү жана анын ичинде соттордун автоматташтырылган маалыматтык системасы  жана иштерди автоматтык бөлүштүрүү системаларын киргизүү боюнча  талкуу болду.


Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү соттордун судьялары Жогорку соттун судьяларына практикада пайда болгон суроолорун беришип, кеңири жоопторду алышты.


Жыйындын соңунда Каныбек Бокоев  судьяларды мыйзамдын чегинде адилеттүү иш  алып барууга  чакырды.