KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Төрайым Нургуль Бакирова Жети-Өгүз райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты

19 июня 2021

2021-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторуна болгон иш сапарынын  алкагында Жети-Өгүз райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты.


Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы Адилет Шаршеев Нургуль Бакированы тосуп алып, имараттагы иш бөлмөлөрдү көрсөтүп чыкты.


Аталган сотто үч судья, он төрт аппарат кызматкерлери, сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн беш кызматкери жана сот приставдар бөлүмүмнүн бир улук сот приставы эмгектенишет.


Жети-Өгүз райондук сотунда бир сот отурум залы бар жана учурда сотто автоматташтырылган маалымат тутуму менен иштерди автоматтык бөлүштүрүү системасы ийгиликтүү иштеп келет.


Нургуль Бакирова кызматкерлер менен жакындан таанышып, аларга бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалап, судьялардын  жана аппарат кызматкерлеринин көңүлүн эмгек таптипти бекем сактоого, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатууга буруп, кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдардын талаптарын так аткарууга, сотко кайрылган адамдарга сылык мамиле кылууга чакырды.  «Сот тутумунун коом ичиндеги аброюн жогорулатуу үчүн ар бириңиздердин жардамыңыздар керек. Жарандарга сылык мамиле кылып, ийкемдүү болсоңуздар жана мыйзам чегинде гана иштесеңиздер сотко болгон ишеним да артат», — деди төрайым Жети-Өгүз райындук сотунун аппарат кызматкерлери менен болгон жолугушуусунда.


19-июнда Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова Ысык-Көл областындагы бир катар сот кеңселерин кыдырып, иш шарттары менен таанышмакчы.