KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас  облустук сотунун төрагасы Мирлан Искакович Боромбаев сот системасындагы реформалар, озгөрүүлөр туурасында ой бөлүшөт

30 апреля 2021

         — Мирлан мырза, коомдо сот системасындагы реформалар боюнча эки түрдүү пикирлер, анын ичинде сындар да айтылып келет. Деги эле реформа процесси жүрүп жатабы?


— Өлкө Президентинин Жарлыгынын негизинде 2012-жылдан баштап сот реформасын жүргүзүлүп жатат, айта кетсем бул Сотторду тандоо кеңеши, Соттор кеңеши институттары түзүлгөн. Ошол эле учурда мезгилдин талабына ылайык жаңы мыйзамдар кабыл алынган, бул 5 кодекс жана 2 мыйзам жаңы киргизилген.  Анын ичинен Жарандык-процесстик, Административдик-процесстик, Жазык, Бузуулар жөнүндө жана Жоруктар жөнүндө кодекстери, мындан тышкары Пробация жана Медиация жөнүндө мыйзамдары колдонула баштаган.


2019-жылдан баштап мамлекетибиздин бардык органдарында санариптештирүү иштери жүргүзүлүүдө, анын ичинде сот  тутуму дагы санариптештирүү иштерин жүзөгө ашырууда. Бул эмненин белгиси,  сот тутумунун ачык айкындуулугу, башкача айтканда соттун өндүрүшүнө түшкөн бардык иштер жана материалдар автоматташтырылган маалымат системасында (АИС) катоодон өтүп, АРД программасы аркылуу автоматташтырылган түрдө судьяларга бөлүнөт. Эгерде мурда иштерди соттун төрагасы бөлүштүрсө азыркы учурда автоматташтырылган программа өзү бөлөт.


Андан тышкары, соттордун чыгарган актыларынын баары  автоматташтырылган маалымат борборуна киргизилип sot.kg сайтына жүктөлөт, ар бир жаран кайсы сот тарабынан кандай соттук актысын чыгарганын билип турууга мүмкүнчүлүк берилген. Ошондой эле,  ар бир соттун өзүнүн сайты ачылып бардык жаңылыктар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилет.


          — Сотто сөзсүз эле бир тарап нааразы болот эмеспи. Ошондо  нааразы тарапка да толук маалымат алууга шарт түзүлөт турбайбы?


— Албетте сиз айткандай нааразы тарап “менин айткан сөздөрүмдүн баары протоколго түшпөй калыптыр, сын пикир келтирет элем, мен башкача сүйлөдүм эле, анан башкача жазып калыптыр” — деген дооматтарды айткан кезде  стенографияны толук колдоно алышат.


Жакында жыйынтыктоочу кеңешме откөрүлүптүр, ошол боюнча кыскача маалымат берип коесузбу?


— Ооба, жакында 2021-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун торайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакированын онлайн катышуусунда Талас облусунун жергиликтүү сотторунун  2020-жылдагы ишмердүүлүгүн  жыйынтыктоочу кеңешме өткөрүлдү.


               —  Талас облустук сотунда каралган иштердин  корсөткүчтөрү тууралуу кененирээк айтып бересизби?


—  Талас облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясында 2020-жыл ичинде  райондук жана шаардык соттор тарабынан 285 жазык иш, 241 жоруктар жөнүндө иштер,   ал эми апелляциялык инстацияда 23 жазык иш, 15 жоруктар жөнүндө иштер жана 24 соттук материалдар каралган.


Ал эми, Талас облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясында 2020-жыл ичинде биринчи инстанция соттору тарабынан 1591 жарандык иш,  ал эми  апелляциялык тартипте  105  иш каралган.


Ошондой эле, Талас облустук сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясында 2020-жылы Талас областынын административдик соту тарабынан 140  иш, 96 административдик иш, 24 экономикалык иш жана 20 соттук материал каралганын, ал эми апелляциялык тартипте 24 административдик иш, 4 экономикалык иш жана 1 соттук материал каралган.


Бул көрсөткүчтөр 2020-жылы өлкөдөгү оор кырдалга байланыштуу сотто иштердин саны 2019-жылга салыштырмалуу азайган.


          — Жарандардын ишеничин актоо үчүн сиздер тараптан кандай чаралар көрүлүүдө?


— Баардыгыбызга маалым болгондой бүгүнкү күндө бардык мамлекеттик органдарды санариптештирүү иштери кызуу жүрүп жатат, сот тармагы бул жааттан артта калган жок. Бизде ар бир  сот отуруму өтүлүүчү залдарда АВФ деп аталат (аудио жана видеожазуу) түрү  колдонулуп калган. Бул колдонууга кирген жаңы кодекстеринде да белгиленген, ар бир каралган жазык жана  жорук жөнүндө иштери боюнча аудио жана видеожазуу жүргүзүлүүсү абзел. Бул жерде   тараптардын берген  көрсөтмөлөрү эч кандай фальсификация болбойт дегенди, сот отурумунун өтүшүнүн ачык-айкындуулугу билдирет. Анын сөздөрү так жана туура жазылат жана берген көрсөтүүлөрүн танууга жол берилбестиги. Ошол эле учурда кийин көрсөтмөлөрдү кайрадан изилдегенге мүмкүнчүлүк берилет. Бул бир жагынан иштин катышуучуларына соттук отурумда тартип бузууга, көрсөтмөлөрүн өзгөртүүгө жол бербестигин билдирет.


 


-Соттор тарбынан адилетти жүзөгө ашыруудан тышкары башка иш-чаралар аткарыла бы?


Жакшы суроо болду, албетте соттор иштерди кароодон тышкары, коомдук иштерди да кошумча алып барууда. Мисалы, айта кетсем алдын ала кылмыштарды болтурбоо максатында судьялар ар бир мектептин окуучулары менен жолугушууларды өткөрүү менен бирге мыйзамдарды түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө. Мындан тышкары, “Теңир колдоо” мүмкүнчүлүгү чектелген балдар мекемесине, мектеп-интернат окуучуларына дагы материалдык жана финансылык жагынан жардам көрсөтүп келүүдө.


 


-Ал эми башка мамлекеттик органдар менен дагы иш алып барасыздарбы?


Албетте, башка мамлекеттик органдар менен дагы жолугушууларды өткөрүп турабыз, себеби бардыгы эле мыйзамдын туура колдонулушун биле бербейт да, ошол себептен кабыл алынган жаңы мыйзамдардын колдонулушу боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлөт.


Мындан тышкары, жарандарга дагы мыйзамдарды түшүндүрмө берүү үчүн соттор телевидениеге чыгышып журналистер менен дагы маектерди куруп, интервьюларды берип келүүдө.


 


Газета  “Талас Байрагы” за №15 (12.04.2021г).


Талас байрагы 2 Untitled.FR12 (1)