KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облусунун соттору жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка мамлекеттик органдар менен иш тажрыйбасын жакшыртууда

25 января 2022

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар жана башка мамлекеттик органдар менен иш тажрыйбасын жакшыртуу максатында жана мыйзамдын талабын туура аткаруу үчүн Талас областынын төрагасынын орун басары жана судьясы Жекшеналы Курманбаев менен Бакыт Ибраимов, ошондой эле Талас облусунун Административдик сотунун төрагасы Нурман Нартаев Талас областынын Талас райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү, өз алдынча башкаруу органдарынын, айыл өкмөттөрү жана айыл башчылары, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу жыйын өткөрүштү.


Жыйында судьялар колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар менен тааныштырышты. Ошону менен бирге “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамын өз алдынча башкаруу органдарын жана башка мамлекеттик органдары тарабынан туура колдонулушу жөнүндө түшүндүрмө беришип, “Административдик актыларды кабыл алуудагы административдик органдардын аракеттери” темасында маалыматтык түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүштү.


Жергиликтүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен талкулоо жараткан темаларынын бирден бири болуп, административдик актыларды кабыл алуудагы жана жер талаштарды чечүүдө административдик органдардын кетирген кемчиликтери жөнүндө пикир алмашуу болду.


Судьялар административдик органдардын “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамын талаптагыдай аткарбагандыктан кемчиликтер пайда болуп жаткандыгын белгилешти.


Ошол эле учурда, Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы Марат Ниязалиев административдик актыларды чыгарууда кемчиликтерди кетирбөө максатында, жергиликтүү сот тутумунун  судьялары жогоруда аталган мыйзамды туура жана так колдонуу боюнча семинар өткөрүп берсе деген сунуштама киргизип, судьялар келтирилген сунуштаманы колдошту.


Жыйындын соңунда  судьялар жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иш алып барууну макулдашып, мындан башка көйгөйлүү маселелер боюнча дагы чогулуштарды өткөрүүнү чечишти.


 


                                                                                              Талас облустук сотунун   басма сөз катчысынын м.а.   Э. Балыбаев