Талас облустук сотунун 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата түзүлгөн иш планы боюнча Талас облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Омурлан Тункатаров, Жекшеналы Курманбаев жана судьялары Курал Эстебесов, Айнура Султаналиева жана судьялардын жардамчылары 2020-жылдын 16-мартында Талас облусунун биринчи инстанциядагы сотторуна соттук иштерди кароодо мыйзамдардын туура колдонулушу боюнча практикалык жардам көрсөтүү, жалпы иш алып баруу жана жергиликтүү соттордо жүргүзүлүп жаткан иш чараларды аткаруу боюнча Бакай-Ата райондук сотуна иш сапары менен барып келишти.
Талас облустук сотунун судьялары 2019-жылдын ичинде каралган жазык, жарандык иштерине жана соттук материалдарга кароо жүргүзүшүп, аныкталган кемчиликтер боюнча биринчи инстанциядагы судьяларга түшүндүрмөлөрүн беришти.
Ошондой эле, райондук соттун жалпы бөлүмүндө иш алып баруу боюнча, анын ичинен иштерди тариздөө, күчүнө кирген соттук актыларга аткаруу барактарынын жазылышы, соттук иштердин “act.sot.kg” сайтына киргизилиши жана эсептик-статистикалык карточкалардын толтурулушу текшерилип, автоматташтырылган маалыматтык системасынын (АИС) киргизилиши боюнча маалымат алынды.