KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук соту биринчи инстанциядагы соттордун иши менен таанышты

17 июня 2019

Талас облустук соту 2019-жылдын биринчи жарым жылдыкка түзүлгөн иш планы боюнча  Талас облустук сотунун судьялары Курал Эстебесов, Мирлан Боромбаев, Айнура Султаналиева, Жылдыз Жумагулова жана улук консультанты Эрбол Балыбаев тарабынан, 2019-жылдын 12-июнунда Талас областынын биринчи инстанциядагы сотторуна соттук иштерди кароодо мыйзамдардын туура колдонулушу боюнча практикалык жардам көрсөтүү, жалпы иш алып баруу жана жергиликтүү соттордо жүргүзүлүп жаткан иш чараларынын аткаруусу боюнча Манас жана Кара-Буура райондук сотторуна иш сапары менен барып келишти.

Талас облустук сотунун судьялары 2018-жылдын экинчи жарым жылдыкта жана 2019-жылдын 5 ай ичинде каралган жазык, жарандык иштерине жана соттук материалдарга кароо жүргүзүшүп, аныкталган кемчиликтер боюнча биринчи инстанциядагы судьяларга түшүндүрмөлөрүн беришти.


Ошондой эле, райондук сотттордун жалпы бөлүмдөрүнүн  иш алып баруусу боюнча, анын ичинен иштердин тариздөөсү, күчүнө кирген соттук актыларга аткаруу барактарынын жазылышы, соттук иштердин “act.sot.kg” сайтына киргизилиши  жана аларга эсептик-статистикалык карточкаларынын толтурулушу каралды. Ошондой эле  автоматташтырылган-маалыматтык системасынын (АИС) киргизилиши боюнча маалымат алынды.


Мындан тышкары,  аталган райондук соттордун имараттарына жана судьялардын кызматтык үйлөрүнө жүргүзүлүп жаткан  капиталдык оңдоо иштерине көңүл бурулду.