KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук соту алты айдын жыйынтыгын чыгарды

19 августа 2019

2019-жылдын 16-августунда Талас облустук сотунда, Талас областынын жергиликтүү соттору менен 2019-жылдын биринчи жарым жылдакта каралган иштердин сапаты боюнча чогулуш өткөрүлдү.


Чогулушта Талас облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Курал Эстебесов ар бир судьянын сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда иштердин кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча маалымат менен тааныштырды. Ошондой эле иштерди жана тергөө судьялары тарабынан каралган сотко чейинки көзөмөлдөө боюнча соттук материалдарды кароодо келип чыккан суроолор боюнча жана соттук актылардын жокко чыгарылышы жана өзгөртүлүшү боюнча талкуулар жүргүзүлдү.


Мындан тышкары, Талас облусунун жергиликтүү сотторундагы сот отурум залдарына аудио жана видео жазуулардын  орнотулушу боюнча, кеңсе буюмдар менен убагында камсыздалышы жана соттордун имараттарында жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери боюнча маалыматтар алынды.


Чогулуштун аягында Талас облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Курал Эстебесов, судьяларга сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдын талабын бекем сактоону эскертти.