KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас райондук соту аксакалдар соту жана жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара байланыштарды бекемдеп жатат

17 ноября 2020

Жергиликтүү соттор менен аксакалдар соттору жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосунда өз ара мамилелерди күчөтүү максатында Талас райондук сотунун төрагасы Ниязбек Калматов жана судьялар Марсель  Кенжеев менен Тариэль Акылбеков Талас районунун Көк-Ой айыл аймагынын аксакалдар соттору жана Талас районунун Көк-Ой айыл аймагынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү.


Жолугушуунун алкагында, судьялар  үй-бүлө жана жер мыйзамдары боюнча,  ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге милдеттүү төлөмдөрдү жыйноо тартибине байланышкан  суроолорго түшүндүрмө беришти.


Жолугушуунун соңунда Талас райондук сотунун судьялары менен Талас районунун Көк-Ой айыл аймагынын аксакалдар сотунун мүчөлөрү жана Көк-Ой айыл аймагынын өкүлдөрү көйгөйлүү маселелерди  биргеликте чечүүнү макулдашышты.