KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Таласта судьялар мамлекеттик органдар менен бирдикте иш алып баруу демилгесин көтөрүштү

11 марта 2020

2020-жылдын 9-мартында Талас шаардык сотунун төрагасы Азирет Медеров жана судьялар Айнура Иманалиева, Акылбек Турусбеков, Эсенбек Султановдун катышуусунда Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аксакалдар сотторунун мүчөлөрү, медиаторлор, прокуратура жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле сот приставдары менен жыйын өткөрүштү.


Жыйында, колдонууга киргизилген жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын, “Аксакалдар соттору жөнүндө” жана “Медиация жөнүндө” Мыйзамдарынын колдонулушу тууралуу талкуулар болуп өттү. Талас шаардык сотунун төрагасы Азирет Медеров аксакалдар сотторунун жана медиаторлордун иштерин жакшыртуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана укук коргоо органдары менен бирдикте иш алып баруу демилгесин көтөрдү.


Талас шаарынын вице-мэри Асель Күрүчбекова “Аксакалдар соту жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талас шаардык кеңештин сессиясында аксакалдар сотуна финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо чечилгенин билдирди. Ал эми, аксакалдар сотторунун мүчөсү Жыргалбек Жумабаев аткарылып жаткан иштерге ыраазычылык билдирип, аксакалдар сотторунун мүчөлөрү жаңы шайланышкандыгын, аксакалдар сотторунда иш жүзүндө болуп жаткан көйгөйлөр боюнча айтып өттү. Бул боюнча жыйынга катышкан судьялар, прокуратура жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү аксакалдар сотторунун иш алып баруусуна көмөктөшүүнү билдиришти.


Талас шаардык сотунун төрагасы Азирет Медеров жана судьялар жыйындын аягында иш чаранын катышуучуларына ыраазычылык билдиришип, аксакалдар соту, медиаторлор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдары  менен тыгыз байланышта иш алып барууну макулдашышты.