KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

“Тарыхсыз эл - тамырсыз эл". Кыргыз сотунун тарыхына көз чаптырма

20 ноября 2019

“Тарыхсыз эл — тамырсыз эл” деп бекеринен айтылбаса керек.


Анткени, ар бир мамлекеттин тарыхы анын байыркылыгын, өзгөчөлүгүн, калыптануу жана өнүгүү жолун, жашоо маданиятынын өзөгүн тастыктайт.


Андыктан, бүгүнкү жагдай бизди Кыргыз соту тууралуу айтуудан мурун биринчи анын өзөгүнө саресеп салууга милдеттендирет.


Кыргыз сотунун тарыхын талдап, анын тамырына сүңгүп кирүү Кыргызстаныбыздын тарыхына кайрылуу менен барабар.


Ал эми, тарыхка кайрылсак XIX кылымга чейин кыргыз элинде соттун милдеттерин бий, казылар алып барышып, көчмөн кыргыз жана башка улуттардын ортолорунда чыккан талаш-тартыштарды үрп-адат жана шарият укуктарынын негиздерин жетекчиликке алып карашкан. Бул тартип кыргыз элинин Россия падышачылыгынын курамына киргенге чейин колдонулуп келген.


1886-жылы кабыл алынган «Туркестан жергесин башкаруу жөнүндөгү» Жобосуна ылайык Туркестандын жергиликтүү элдеринин соттук тутуму белгиленген.


Бийлер менен казылар институту падышалык соттордун катарында сакталып, кылмыш жана жарандык иштерди карашкан. Бирок алардын милдетинен мамлекеттик маанидеги, мамлекеттик кызматка тиешелүү өзгөчө коркунучтуу ж.б. талаштарды кароо ыйгарым укугу алынып салынган. Бул кылмыш жана жарандык иштер орус падышачылыгынын сотуна караштуу болуп калган.


1917-жылы кабыл алынган “Сот жөнүндө” № 1 Декрет жаңы сот тутумунун башталышы болуп эсептелинет.


Бирок Туркестандын элинин динге берилгендигин жана алардын жашоо- тиричилик өзгөчөлүгүн эске алып, Совет бийлиги казылык менен бийлердин сотторун дароо эле жоюуга шашылган эмес.


Ал кезде кыргыз элинин дээрлик басымдуу бөлүгү көчмөн калк болгондуктан алар өз ара талаштары тууралуу сотко кайрылган учурлары сейрек кездешчү.


Туркестан Республикасында 1921-жылдын аягында көчмөн калк жайгашкан жерлерде бирдей эл соттору жөнүндөгү жалпы эрежеге ылайык эл судьяларынын көчмө камерасын түзүү каралган. Көчмө камералар элге түздөн-түз жакын иштеп, жайкысын алар менен жайлоого бирге көчүп, кышында кыштоого чогуу келген.


Алгач бий соттору жокко чыгарылган. Ал эми казы сотторун жоюу жөнүндөгү чечим 1927-жылдын 1-ноябрында кабыл алынган.


1922-жылы «Советтер Союзунун Социалисттик Республикасы түзүлгөнү жөнүндөгү» токтом кабыл алынган.


Кыргызстан Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун катарына Россия Федерациясынын курамындагы Туркестан Автономдуу Советтик Социалисттик Республикасынын курамы менен кирген.


1924-жылы «Орто Азия республикаларын (Туркестан, Бухара, Хорезм) улуттук өз ара бөлүү жөнүндөгү» токтом кабыл алынган.


Анын негизинде Кара-Кыргыз Автономиялык облусу РСФСРдин курамына 4 округдан, Пишпек, Каракол, Жалал-Абад, Ош облустары менен кошулган.


Ошентип, Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун Облустук соту 1924-жылы өз ишин баштаган. Ал эми анын төрагалыгына Лев Авербург шайланган.


Кыргыз Автономдуу облусунун Кыргыз Автономдуу Советтик Социалисттик Республикасы (Кыргыз АССРи) болуп түзүлүшү сот органдарынын өзгөрүшү, жана алардын өнүгүшүнө өзгөчө таасирин тийгизген тарыхый окуялардан болгон.


1930-жылдын сентябрь айында Кыргыз АССРинин аймагы 24 административдик райондорго бөлүнгөн. Ушул себептен республикада 24 райондук сот жана Фрунзе шаарындагы эл сотторунун 2 участкасы түзүлгөн.


1936-жылдын 5-декабрындагы СССРдин Конституциясы кабыл алынган. Жаңы Конституциянын негизинде Кыргыз Автономдуу Республикасы Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп түзүлүп, Советтер Союзунун Социалисттик Республикасынын курамына өз эрки менен кирип башка республикалардай эле тең укуктагы өлкөлөрдүн бирине айланган.


Ушул учурдан баштап Кыргыз АССРинин башкы соту республиканын Жогорку соту деп аталып, ага ылайык анын түзүлүшү менен милдеттери өзгөрүлгөн. Соттор өкүм менен чечимдерди Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын атынан чыгара башташкан.


Улуу Ата Мекендик согуш учурунда республика аны менен бирге соттук тутум оор мезгилди башынан өткөрдү.


Согуштун алгачкы эле күндөрү сот кызматкерлеринин дээрлиги Советтик Армиянын катарына чакырылган, ушул себептен сот кызматкерлеринин курамында аялдардын саны бир нече эсеге көбөйгөн.


Согуш бүткөндөн кийин ал мезгилдин шарттарынын негизинде кабыл алынган кээ бир мыйзамдар жана ченемдик актылар жокко чыгарылган же өзгөртүлгөн.


1960-жылдары бир нече мыйзамдар кабыл алынган, анын ичинде СССРдин жана союздук республикалардын жарандык мыйзамдарынын негиздери жана СССРдин, союздук республикалардын жарандык сот өндүрүшүнүн негиздери (1961), СССРдин жана союздук республикалардын нике жана үй-бүлө жөнүндө мыйзамдары (1968).


Булар менен бирге Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасында “Сот түзүлүшү жөнүндөгү” Мыйзамы, Кылмыш жаза жана Кылмыш процесстик кодекси, Жарандык жана Жарандык процесстик кодекстери, ошондой эле Нике жана үй-бүлө жөнүндөгү кодекси иштелип чыгып, кабыл алынган.


1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү декларациясы кабыл алынган. Ушул күндөн баштап кыргыз элинин тарыхында турмуштун жаңы барагы, көз карандысыз, өз алдынча өнүгүүнүн жаңы жолу башталган.


1993-жылдын жылдын  5-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясында Кыргызстан эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик бийлиги мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарына бөлүштүрүү принциптерине негизделген республика деп белгиленген.


Конституция кабыл алынгандан баштап сот тутумунун көз карандысыздыгын жана анын ролун өстүрүү максатында чоң иштер башталган.


Жалпылап айтканда, Кыргыз мамлекетин курууда Кыргыз сотунун татыктуу жана даңктуу орду бар, муну эч ким тана албайт.


Ал эми Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан баштап ачык, адилеттүү, көз карандысыз сот тутумун куруу максатында жасалып жаткан реформалар өзүнчө чоң тарых, ал жөнүндө кеп-кезеги келгенде айтылаар.