KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

“Тазаланууну өзүңдөн башта” ураанында ишембилик өттү

16 мая 2022

2022-жылдын 14-майында Жалал-Абад областтык сотунун жана Жалал-Абад областынын административдик сотунун, райондук жана шаардык сотторунун судьялары жана кызматкерлер ишембилик өткөрүштү. Ишембиликтин алкагында областтык соттун имаратынын айланасы таштандылардан тазаланып, иретке келтиришип, жашылдандыруу максатында гүлдөр отургузулду, иш бөлмөлөр тазаланды.


Ишембиликке Жалал-Абад областынын Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Майлуу-Суу шаардык, Сузак, Ноокен, Базар-Коргон, Токтогул, Аксы, Чаткал Ала-Бука жана Тогуз-Торо райондук сотторунун судьялары жана кызматкерлери катышты.


 


Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов