KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Тергөө судьялары аркылуу соттук контролдоо институтун киргизүү зарылдыгы

28 мая 2019

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


 


24-майда Жогорку сотто төрайым Г.Калиеванын катышуусунда Пленумдун отуруму болду. Пленумдун ишине КРнын Башкы прокурорунун орун басары Ж.Джаманбаева, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары,  Ички иштер жана Юстиция министрликтеринин өкүлдөрү катышты.


 


Отурумда “Күрөөлүк милдеттенмелер менен байланышкан талаш-тартыштарды чечүүдө сот тажрыйбасынын айрым маселелери жөнүндө” Жогорку соттун судьясы Т.Чаргынова, Баткен облустук сотунун судьясы Г.Кожобекова жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Ш.Галина баяндама жасашты.


Ал эми “Мүлктү ажыратуу боюнча бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жана алардын жараксыздыгынын кесепеттери тууралуу талаштар боюнча мыйзамдарды колдонуу боюнча соттук тажрыйбанын кээ бир маселелери жөнүндө”  Жогорку соттун судьясы М.Мельникова, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары А.Абылакимов жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Ж.Сабырова өз баяндамаларында кеңири токтолушту.


Аны менен катар соода-сатык келишимдерин жана башка мүлктү ажыратуу боюнча бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу жана алардын жараксыздыгынын кесепеттери менен байланышкан  талаштарды чечүү боюнча соттук тажрыйбанын жыйынтыгын эске алуу менен бул укуктук мамилелерди жөнгө салган мыйзамдардын соттор тарабынан туура жана бирдиктүү колдонулушу айтылды.


Мындан тышкары “Соттук өкүм жөнүндө” Жогорку соттун Пленумунун токтомунун долбоору каралды. Ошондой эле “Сотко чейинки өндүрүштөгү тергөө судьясы тарабынан соттук контроль боюнча соттук тажрыйбада келип чыккан кээ бир маселелер жөнүндө” Жогорку соттун Пленумунун токтомдорун кабыл алуу маселеси да каралып, Жогорку соттун судьясы А.Сыдыков менен Бишкек шаардык сотунун судьясы И.Воронцова КЖПКга жазык сот өндүрүшүнө тергөө судьялары аркылуу соттук контролдоо институтунун киргизилиши, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө инсандын укуктарын  коргоонун олуттуу кепилдиги болуп калгандыгын айтышты.


Тергөө судьясы – шектүүнүн, айыпталуучунун укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү чараларды колдонуучу, процесстик иш-аракеттердин жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун чечимдеринин мыйзамдуулугу үчүн соттук контролду жүзөгө ашыруучу судья.