KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Тергөө судьялары сотко чейинки өндүрүштө соттук көзөмөлдү жүзөгө ашырат

11 июня 2019

7-июнда Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунда “Жазык мыйзамдарынын новеллалары. Тергөө судьясы. Гуманизация” темасында  кезектеги Эксперт –кафе иш чарасы өттү. Бул жолу массалык маалымат каражат  өкүлдөрүнө Жогорку соттун судьялары  менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Жазык, жазык-процессуалдык новеллалар жана алардын маанилүүлүгү;   Жаңы кылмыш-жаза мыйзамдар боюнча жазаны дайындоо; Соттук контролдон прокурордук  көзөмөлдүн айырмасы; Тергөөчү судья менен  прокурордун, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамы тергөөчү менен өз ара кызматташуусу; Жаңы кылмыш-жаза мыйзамдар. Процесстик макулдашуу; Жаңы процессуалдык фигура – тергөө судьясы туурасында кеңири маалымат берилди.  Биз сөз кыла турган тергөө судьясынын  иштеп жаткандагына беш айдын жүзү болуп калды.


Кыргыз Республикасынын Жазык- процесстик кодексинде берилген түшүнүктүн  аныктамасынын негизинде тергөө судьясы —  шектүүнүн,  айыпталуучунун укуктарын жана  эркиндиктерин  чектөөчү  чараларды  колдонуучу, процесстик  иш-аракеттердин  жана  алгачкы текшерүү органын ыйгарым  укуктуу кызмат  адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун  чечимдеринин мыйзамдуулугу үчүн  соттук контролду жүзөгө ашыруучу судья.


Тергөө судьясы   сотко чейинки өндүрүштүн  жүрүшүндө  төмөнкүдөй  чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу:   кылмыш жана жорук  жасаганга шектүү адамды  кармоонун  мыйзамдуулугу жана  негиздүүлүгү жөнүндө,  бөгөт коюу чараларын  колдонуу жөнүндө,   бөгөт коюу  мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө, тиешелүү экспертизаларды жүргүзүү үчүн  камакта турбаган  шектүүнү, айыпталуучуну  медициналык же  психиатриялык  стационарга  жайгаштыруу жөнүндө.  Ошондой эле  жеке жана юридикалык жактардын эсептерде жана аманаттарда же  банктарда жана кредиттик  уюмдарда  сактоодо турган акчалай  каражаттарын  кошуп алганда,  мүлкүнө, баалуу кагаздарына жана  алардын  сертификаттарына камак салуу же  камактан чыгаруу жөнүндө,  айыпталуучуну убактылуу кызмат ордунан четтетүү, каза болгон  адамдын  жакын  туугандарынын, жубайынын макулдугу болбогондо,эксгумация жүргүзүү, алардын макулдугу болбогондо, менчикте турган турак жайды, ошондой эле анда жашап турган  адамдардын башка укуктарындагы башка объекттерди кароону жүргүзүү жөнүндө.  Мындан тышкары  алып коюуну жана тинтүүнү жүргүзүү,  КР ЖПКнин 100-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, жеке  тинтүүнү жүргүзүү,  КР ЖПК каралган  атайын тергөө иш- аракеттерин жүргүзүү жөнүндө.


Жакында эле  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму болуп, анда  тергөө судьяларынын  жыл башынан бери кабыл алып жаткан чечимдерине  талдоо жасалды. Анда тергөө судьяларынын  актылары, аны кабыл алуунун жолдору жана алардын жаңы мыйзамдарга, кодекстерге шайкеш келиши талданды. Белгилүү болгондой, жаңы жылдан тартып өлкөдө 56 тергөө соту иштей баштаган жана алар сотко чейинки өндүрүштөрдү карап жатышат. Алардын иш-аракетинде чыккан кээ бир мүчүлүштүктөр боюнча, жаңы мыйзамды колдонуу жана башка көптөгөн маселелерди тергөө судьяларына  түшүндүрүү максатында, Жогорку соттун Пленумунда “Тергөө судьяларынын сотко чейинки өндүрүштө соттук контролду жүзөгө ашырууда соттук тажрыйбанын айрым маселелери тууралуу”  токтом  каралды.


Анда, тергөө атайын  тергөө аракеттерин жүргүзүү  мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени кароого өндүрүшүндө кылмыш иши же жоруктар  жөнүндө иш болгон кызмат адамынын тийиштүү  өтүнмөсү түрткү болооруна тергөө судьяларынын көңүлү бурулсун деп айтылган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик  кодекси жазык  сот өндүрүшүнө тергөө  судьялары аркылуу соттук контролдоо институтунун  киргизилиши маанилүү жаңычылдык, анткени сотко  чейинки  өндүрүштө адамдардын  эркиндигин, конституциялык укуктарын, тараптардын атаандаштыгын жүзөгө ашырууда  соттук  тергөө багытталган.


Тергөө судьясы деген түшүнүк  КР ЖПКсында тергөө  мүнөзүндө  эмес, айрыкча соттук  мүнөзгө ээ, башкача айтканда тергөө  судьясы кай бир мамлекеттердегидей (Франция, Бельгия, Швейцария, Испания ж.б)  кылмыштар боюнча  сотко чейинки тергөө жүргүзбөйт. Аталган мамлекеттерде тергөө  судьясы деген  аталыш сотко  чейинки  тергөө жүргүзүүчү катары  колдонулат. Аталган мамлекеттерде ал  тергөө судьясы эмес  соттук тергөөчү болуп саналат.


Ал эми Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын жана КР  судьяларынын статусу  жөнүндөгү  конституциялык  мыйзамдын негизинде  тергөө  судьясы  судьянын  статусуна ээлик кылат.  Ал соттук бийликтин ээси, анын  ыйгарым укуктарынын алкагында  кабыл  алган  процесстик  чечимдери тийиштүү  болгон бардык  мамлекеттик  органдар, кызмат  адамдары  жана жарандар  үчүн милдеттүү  аткарууга жатат.


«Эркин Тоо» гезити 11-июнь 2019-жыл                                             Бактыбек Имамадиев