KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Тогуз-Торо райондук соту карыяны майрамы менен куттуктады

07 октября 2022

2022-жылдын 6-октябрында Тогуз-Торо райондук сотунун төрагасы Бакбуркан Бердыбаев, аппарат кызматкерлери, сот аткаруучулар жана сот приставдар менен биргеликте “Карылар күнүнө” карата карыя Акылай Шайымкулованы куттуктоо менен азык-түлүктөрдү жеткирип, жеринен кабар алышты.


Соттун төрагасы Бакбуркан Бердыбаев “Карысы бардын ырысы бар”, “Карынын сөзүн капка сал” деп кыргыздар эзелтеден бери кары адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкенин, карыларды 1-октябрь күнү эле эстебей, ар дайым татыктуу көңүл буруп, ардактап, баалап-барктап, сыйлап жүрү, улгайган жарандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү азыркы муундун милдетти экенин жана карыларга кам көрүү жыл сайын уланарын белгилеп кетти. Ошондой эле карыя Акылай Шайымкуловага бекем ден-соолук, узун өмүр, уул-кыздардын жана коомдун сый-урматына бөлөнгөн жашоо каалады.


Кабар алуу мезгилинде, кыска убакытта маектешүү жүрүп, карыя А.Шайымкулова вет-врач болуп иштеп, өмүрү ат үстүндө өткөнүн, он баланы тарбиялап, өстүргөнүн, бирок турмуш шартка байланыштуу ар бириси өзүлөрүнүн тиричилиги менен алек экенине кабар болдук. Сот системасынын өкүлдөрү “Карылар күнүнө” карата куттуктап келгендигине абдан кубануу менен кабыл алганын билдирип, ак батасын берди.


Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы Торомаматов М.