Токтогул райондук сотунун судьялары, аппарат кызматкерлери, сот аткаруучулар жана сот приставдар биргеликте 1-октябрь Карылардын эл аралык күнүнө карата, Токтогул районунун аймагында жайгашкан «Каракаш» социалдык-стационардык мекемесинде жашаган карыларды майрамы менен куттукташты.
Аталган мекемеде жашаган 23 карыянын ар бирине белектерди тапшырып, ысык тамак уюштурулуп, баталарын алышты.
Мындан сырткары, Токтогул райондук сотунун судьялары ар жыл сайын материалдык жактан жардам көрсөтүлүп келген карыя Владимир Щербаковду дагы майрамы менен куттукташып, материалдык жардам көрсөтүштү.
Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы Торомаматов М.