KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Туратбек Ташмамбетов: «Жарандык процесстик кодекстин жаңы редакциясы соттук иштерди максималдык эффективдүү кароого толугу менен ыңгайлаштырылган»

28 сентября 2017

«Өлкөбүздө сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу, Жарандык процесстик, Административдик-процесстик кодекстери жана башка ченемдик укуктук актылар жаңыланып, толукталып, айрымдары жаңы редакцияда жазылды. Аталган кодекстердин ичинен Жарандык-процесстик кодекси 2017-жылдын 1-июлунан баштап сот өндүрүшүндө колдонула баштады. Андыктан аталган кодекстин айрым өзгөчөлүктөрү тууралуу Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Туратбек Торуевич Ташмамбетов айрым суроолорго жооп берди.


— Үстүбүздөгү жылдан баштап сот өндүрүшүндө колдонулуп жаткан Жарандык процесстик кодекстин жаңы редакциясын кабыл алуусуна кандай муктаждык пайда болду?


— Кыргызстандын сот системасын реформалоо акыркы бир нече жылдан бери жүрүп жатпайбы. Негизи эле башка реформалардан айырмаланып сот реформасы бир нече жылдарды талап кылган убакытты алат. Себеби дегенде реформанын өзү масштабдуу. Сот тутумундагы реформанын негизги өзөгү мыйзамдык базаны жаңылоо, себеби дегенде азыркы колдонулуп жаткан мыйзамдар, кодекстердеги кээ бир беренелер мезгил талабына шайкеш келбей калды. Андыктан сот тутумундагы реформа боюнча мыйзамдык базаны жаңылоо муктаждыгы келип чыккан.


Кыргыз Республикасынын 1999-жылдагы граждандык процесстик мыйзамдары ошол мезгилдеги карым-катнаштарды жөнгө салуу менен, ошол учурдагы Кыргызстандын экономикасы баардык постсоветтик өлкөлөрдөй эле борбордоштурулган системадан базар системасына өтүүдөгү өзгөрүүлөрдү камтууга аракет болгон. Андан бери чейрек кылымга жакын убакыт аралыгында жашоо турмушубуздагы өзгөрүүлөрдөн улам, жарандык укуктук карым-катнаштарда да көптөгөн өзгөрүүлөр, жаңы түшүнүктөр пайда болуп, жарандык иштердин саны ошону менен бирге эле оор иштердин саны көбөйгөндүктөн укук колдонуу ишмердигинде көйгөйлүү маселелер байкала баштаган.


Же болбосо, мурдагы Жарандык процесстик кодексинде ишти сапаттуу, толук жана өз убактысында кароого тоскоолдук кылган жоболор белгиленген. Ошондуктан, жаңы Жарандык процесстик кодексин кабыл алууга мезгил келип, анда бир топ жаңы түшүнүктөр пайда болуп, жоболорго, институттарга жаңы маани берилип өзгөрүү, алмашуулар киргизилген.


— Мурдагы Жарандык процесстик кодекстен жаңы редакциясына салыштырганда эң негизги деген кандай өзгөртүүлөр болду?


— Негизги белгилеп кетүүчү өзгөрүүлөр — ​бул ишти кассациялык тартипте кароо. Эгерде мурда кассациялык даттануулар экинчи инстанцияда каралса (областтык соттор, Бишкек шаарынын соту), жаңы Жарандык процесстик кодекс боюнча бул иштер көзөмөл инстанциясына өтүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту — ​райондук, областтык (1, 2 инстанция) соттордун мыйзамдарды туура колдонуусу боюнча даттанууларды караган кассациялык сот болуп эсептелинет. Ошондой эле, алдын-ала соттук отурум институту киргизилип, бул толукталган норма боюнча тараптар каршы пикирлерди, тосмо арыздарды, өтүнүч жана башка документтерди, далилдерди ишти кароого дайындаганга чейин камсыз кылып, андан сырткары кошумча документтерди, далилдерди сот отурумунда тапшырганга мүмкүнчүлүктөр киргизилип жатат.


Жаңы жарандык процесстик кодексте административдик сот өндүрүшү реформасына байланыштуу административдик иштерди кароо тартибин жөнгө салуучу процесстик нормалар жана нотариалдык органдардын, ЗАГС жана шайлоо комитеттеринин иш аракеттерине даттануу боюнча главалар алынып салынган. Тагыраак айтканда бул главалар Административдик процесстик кодекске киргизилди. Юридикалык өңүттөн алганда ар бир кыймыл аракет өз тартибине карата иштелип чыгып, тиешелүү ордун тапкан. Ошону менен катар эле “Жоголгон сот өндүрүшүн калыбына келтирүү” боюнча жаңы глава кабыл алынган. Сот аткаруучулардын токтомдоруна жана кыймыл аракеттерине даттануу тартиби өзгөртүлгөн.


Мамлекеттик алымды доо арызды сотко өткөрүү алдында төлөөсү көрсөтүлүп, аны менен бирге, социалдык колдоого муктаж, аз камсыздуу жарандарга эгерде материалдык абалы боюнча далилдерди камсыз кылса мамлекеттик алымдан бошотуу (толук же жарым-жартылай) жагы дагы каралган.


Жаңылык катары медиация институту киргизилип жарандык процесстин баардык баскычтарында каралган. Бул тараптарды элдештирүү маселесине тиешелүү маани берилип, иштин жагдайын эске алуу менен тараптарды тынышууга алып келүү ыкмаларын иштетүүгө жол берилет. Башкача айтканда медиатордун көмөктөшүүсү менен, талашкан тараптардын кызыкчылыктарын өз ара алгылыктуу макулдашууга жетишүү максатында укуктук талашты жөнгө салуунун жол-жобосу.


Мына ушул сыяктуу бир катар өзгөртүүлөр жаңылыктар бар. Ал эми жалпысынан алганда Жарандык процесстик кодекстин жаңы редакциясы сотко, тараптарга соттук иштерди максималдык эффективдүү кароого толугу менен ыңгайлаштырылган десем жанылбайм.


Маектешкен


Барктабас Белеков


№25 (092) 28-сентябрь 2017 ж.


«Ачык сөз» коомдук маалыматтык гезит