KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ак-Суу районунун окуучулары сот системасы боюнча маалыматтуулугун жогорулатууда

17 мая 2019

2019-жылдын 16-майында Ак-Суу райондук сотунун төрагасы Эрмек Шаршеев Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынын  Мамбет Мамакееватындагы орто мектебинин 11-класстарынын окуучулары менен жолугушту. Иш-чара аймактардагы мектептердин жогорку класстарынын окуучуларынын өлкөбүздүн сот системасы жөнүндө маалыматтуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү.


Жолугушууда судьяокуучуларга «Сот системасы жана талаш-тартыштарды чечүүдө сот системасынын ролу» аттуу темада лекция окуду. Анда өлкөбүздүн мамлекеттик түзүлүшүнүн Конституциялык негиздери жана сот системасы жөнүндө кеңири  маалыматберилди. Ошондой эле балдардын жана ата-энелердин укуктары жана милдеттери тууралуу айтылды. Соттордун иштөө тартиби жана акыйкаттыкты орнотуу принциптери жөнүндө түшүнүк берилип, судья жана соттук териштирүүнүн катышуучулары деген кимдер жана соттук процесстер кандай өтөөрүн түшүндүрүп берди.


Жолугушууну жыйынтыктап жатып Фемида өкүлү окуучуларга ийгиликтерди каалап, келечекте мыкты адистерден болушуна тилектеш экенин билдирди. Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга сот системасы жөнүндө китептер белекке тапшырылды.


 Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева