KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Учур талабы болгон сот тармагындагы реформа

20 ноября 2019

Натыйжалуу өзгөрүү


Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Президент Сооронбай Жээнбековдун эки жылдык ишмердигиндеги жетишкендиктеринин бири бул сот тармагын реформалоо болду. Анткени Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актылары союз кезинде иштелип чыккандыктан учурда коомдун талабына жараша өзгөрүүлөргө муктаж болгон. Ал эми бул тармакты санариптештирүү жарандарга чечимдердин ачык-айкын болуусун камсыздады. Сот тармагындагы мындай өзгөрүүнү коомчулук күткөн.


Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы соттук реформа боюнча кеңештин демилгеси менен 2019-жылдан тартып 5 кодекс менен 2 мыйзам, тактап айтканда, соттук-укуктук реформанын алкагында Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекси, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс, Бузуулар тууралуу кодекс жана «Пробация жөнүндө», “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамдар күчүнө кирип, учурда сот өндүрүшүндө кабыл алынган мыйзам актылары колдонулууда. Жаңы кодекстер менен мыйзамдардын кабыл алынышы бул тармактагы айрым жагдайларды жеңилдетти. Алсак, мурда айыптоочуга көбүрөөк укук берилсе, реформалоодон кийин коргоочу менен айыптоочунун укугу теңдештирилди жана буга чейин Жазык-процесстик кодексинде 441 статья болсо, эми жаңы кодекс боюнча 535 статья, ошондой эле жаңы институт болуп кирген тергөө судьясы 43 статьяны колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал эми сот тармагын санариптештирүүнүн алкагында сот залдарында орнотулган видео камералар менен аудио үн жаздыргычтар сот өндүрүшүнүн ачык-айкын болуусун шарттап, коррупциянын алдын алууга ыңгайлуу жагдай жаралды.


Жаңы кодекстерде жаңы институттарды ишке киргизүү каралып, аларга бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар кирет. Эске салсак, буга чейин соттук же укуктук реформа өз-өзүнчө жүргүзүлүп келген. Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева соттук реформанын алкагында соттордо автоматташтырылган маалымат системасынын киргизилиши соттордун ишмердүүлүгүн бир кыйла жеңилдеткенин, сотторду автоматташтыруу жана маалыматташтыруу маанилүү экендигин белгилеген.


КРнын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Айнаш ТОКБАЕВА: “Электрондук сот өндүрүшү бюрократиялык көрүнүштөрдү жоёт”


– Электрондук сот өндүрүшүн сот системасына киргизүү сот тармагын реформалоодогу багыттардын бири болуп эсептелет. Эл аралык донорлордун жардамы менен учурда бул багытта бир топ иштер аткарылды. Долбоор боюнча алгач үч пилоттук сотто, Аламүдүн, Свердлов райондук сотунда, ошондой эле Бишкек шаардык сотунда автоматташтырылган маалымат системасы же электрондук сот өндүрүшү кирди. Тактап айтканда, сотко келип түшкөн бардык материалдар атайын сканерден өткөрүлүп, электрондук иш түзүлөт. Сот отуруму учурунда жагдай боюнча кошумча материалдар келип түшсө, ал да электрондук форматка өтүп, соттук акт кабыл алынып, аткарылганга чейин иш электрондук негизде жүргүзүлөт.


Электрондук сот өндүрүшү, биринчиден, иштин жүзөгө ашуусун жогорулатат жана мыйзамда каралган мөөнөттө ишти чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Экинчиден, бюрократиялык көрүнүштөрдү жоёт жана коррупцияга бөгөт коюлуп, сот системасынын ачык-айкындуулугун жүзөгө ашырат. Сот өндүрүшүнө катышкан тараптардын байланышын чектеп, жыйынтыгында соттордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатат. Жогорку сотко заманбап технологияны колдонууну киргизгенбиз. Ал технология бизге түшкөн иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрөт, тактап айтканда, бизге келип түшкөн ар бир ишти автомат судьяларга бөлүштүрөт. Буга чейин бул функцияны төраганын жардамчылары аткарып, кол менен жазып, соттук курамды аныктап, бөлүштүрүшчү. Ал эми карала турган иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү сотторго болгон жүктөмдү жөнгө салат жана судьяларга тегиз бөлүнүп, натыйжада субъективдүүлүк чектелет. Тиги же бул судьяга берилсин деген тандоо болбойт. Муну менен иштерди объективдүү кароого мүмкүнчүлүк түзүлдү.


Соттук иштердин ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында sоt.kg жана akt.sot.kg деген сайттар ишке киргизилген. Сайтка соттук иштер, аларды кароо мөөнөтү жөнүндө маалыматтар жана кабыл алынган соттук актылар чыгып турат. Сот системасында мындай тажрыйбаны колдонуу судьялардын соттук актыларды кароодогу жоопкерчилигин жогорулатып, иштин сапаттуулугуна өбөлгө болот.


 КР Жогорку сотунун судьясы Качыке ЭСЕНКАНОВ: “Бул кодекстердин айырмачылыгы мыйзамдарды гумандаштыруу болду”


 — Соттук-укуктук реформанын негизинде 2019-жылдын 1-январынан баштап  5 кодекс  жана 2 мыйзам күчүнө кирди. Бул кодекстердин айырмачылыгы мыйзамдарды гумандаштыруу, жазык-процессин азыркы эл аралык талапка жараша жаңылатуу болду. Мына ушул жылдын 1-январынан баштап жаңы кодекстер менен иштеп келе жатабыз. Бул мыйзамдарды иштетүү боюнча айта турган болсом, 2019-жылдын 1-январына чейин жасалган кылмыштар эски кодекс менен, ал эми 1-январдан кийинкилери жаңы кодекстин негизинде каралат. Кодекстердеги бир топ нормалар жаңыланды, айрымдары мурдагыдай калды. Кээ бир жоболор жаңыча өзгөртүлдү. Мисалы, Жазык-процессинде эки гана стадия болот. Сотко чейинки өндүрүш, анан соттон кийинки өндүрүш. Сотко чейинки өндүрүштө соттук көзөмөл коюлуп, тергөө стадиясына көзөмөл күчөтүлдү. Сот стадиясында дагы тараптарды жараштыра турган жаңы нормалар киргизилген. Мындан тышкары күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташам десе, андай процедурага дагы жол берилген. Жаңы кодекстерде коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт кое турган жагдайлар жаралып, ар бир сот отуруму эми жазылып турат, тараптардын катышуусу кеңейтилди. Айта турган болсок, баш коргоо чарасы каралганда мурдагы мыйзамдар боюнча тараптар катышчу эмес, азыр тараптардын катышуусу менен жүргүзүлөт. Ал эми атаандаштык процесси деп коет, прокурор коюлган күнөөнү далилдөөгө аракет кылат, жактоо жагы аны жокко чыгаруу аракетин көрөт. Ушулар жаңы жоболор менен толукталды.