KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ак-Талаа райондук сотунда жаңы төрага шайланды

18 октября 2019

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2019-жылдын 11-январындагы №1 токтому менен кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Регламентине» ылайык Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунун төрагасы болуп, буга чейин Ак-Талаа райондук сотунда судьялык кызматты аркалап келген Доулбекова Азат Азейинкулович шайланды.


Доулбеков Азат Азейинкулович 1985-жылы Талас облусунун Ленинполь районунда төрөлгөн. 2008-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.


2016-жылдын 12-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунун судьясы болуп дайындалган.