KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Аламүдүн райондук сотунда мыйзамсыз курулуштар талкууланды

04 октября 2019

2019-жылдын 4-октябрында Аламүдүн райондук сотунун имаратында Аламудун райондук сотунун төрагасы тарабынан уюштурулган жумушчу жолугушуу болуп өттү.


Жолугушууга Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Аламүдүн районунун айыл өкмөттөрүнүн башчылары, экотехинспекциянын, мамлекеттик каттоо башкармалыгынын, Аламүдүн РИИБнүн өкүлдөрү, сот аткаруучулар катышышты.


Жолугушууда Аламүдүн районунда салынган мыйзамсыз курулуштар  тууралуу сөз болду.


Аламүдүн райондук сотунун төрагасы К.Байсов жергиликтүү органдар тарабынан  мыйзамсыз салынган курулушту бузуу тууралуу доо арыздар туура эмес берилип, курулуштун мыйзамсыз экендигин тастыктаган далилдер тиркелбей жаткандыгын, кээде доо арыз менен бирге ишеним кат гана берилип жаткан учурлар бар экендигин белгиледи. Мындай жагдайлар доо арызды кыймылсыз калтырууга түртүп жаткандыгын, бирок жергиликтүү органдардын өкүлдөрү кетирилген кемчиликтерди жоюп кайра кайрылбастан, жаңы доо арыз менен кайрылып жатышкандыгын, ушул себептен сотко келип түшкөн кайрылуулар көбөйүп жаткандыгын кошумчалады.


Мындан тышкары төрага Аламүдүн районунда мыйзамсыз салынган курулуштар боюнча жарандардын кайрылууларына өз убагында көңүл бурууну суранды.


Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мындай талаш-тартыштарды жөнгө салган укуктук базаны түшүндүрүү үчүн кеңейтилген жыйын өткөрүүнү суранышты. Коюлган сунушка төрага макул болуп, жолугушууну жыйынтыктап жатып катышуучуларга жемиштүү өз ара кызматташтыкты каалап өттү.