KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткенде аксакалдар соттору облустук соттун төрайымы менен жолугушту

19 ноября 2019

Баткен облустук сотунун төрайымы Гульмира Кожобекова Баткен облустук сотунун судьялары менен бирге Баткен облусу боюнча аксакалдар сотунун төрагалары жана мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.


Иш-чарада аксакалдар сотторуна мыйзамдарды туура колдонуу боюнча усулдук жардам көрсөтүлдү . Мындан тышкары аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча кеңири талкуу жүрдү. Баткен облустук сотунун төрагасы аксакалдар соту менен өз ара кызматташтыкты жакшыртуу бардыгына пайдалуу болоорун белгилеп кетти.


Жолугушуунун жыйынтыгында, Баткен облусунун Баткен районунун аксакалдар сотторунун төрагалары жана өкүлдөрү менен мындай жолугушууларды мезгил-мезгили менен уюштуруп турууну макулдашылды


Баткен облустук сотунун Басма сөз кызматы


Манасбек Сейтказиев