KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкекте 2020-жылга карата Кыргыз Республикасында адам укуктарынын индекси боюнча биринчи изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланган тегерек стол өткөрүлдү

20 апреля 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 20-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Инара Гилязетдинова  Хаят мейманканасында “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту (Омбудсмен) жана пандемия учурунда адам укуктарын коргоону камсыз кылууга жаңы мамилелер” деген темадагы  тегерек столго катышты.


Тегерек стол адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында иш алып барган тараптарды консолидациялоо, ошондой эле пандемия учурунда адам укуктарын коргоонун куралы катары санариптик технологияларды талкуулоо жана маалымат алмашуу максатында өткөрүлдү.


Тегерек столдун алкагында Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы адам укуктарынын индекси боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды.


Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышынын индексин аныктоо боюнча мындай талдоо биринчи жолу жүргүзүлгөн. Ошондой эле Telegram мессенджеринде ишке киргизилген «Акыйкатчы-бот 115» мыйзамдуу чат-боту катышуучуларга  көрсөтүлдү.


Иш чарага  республиканын мамлекеттик органдарынын, эл аралык жана өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдарынын, ошондой эле юридикалык клиникалардын өкүлдөрү чакырылган.