KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык сотунда жыл жыйынтыгы чыгарылды

11 февраля 2020

2020-жылдын 7 — февралында Бишкек шаардык сотунун имаратында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара  Калиеванын жана Жогорку соттун төрайымынын орун басары Н. Асанованын катышуусунда Бишкек шаарындагы жергиликтүү соттордун 2019-жылда жасаган иштери боюнча жылдык жыйыны өткөрүлдү.


Аталган жыйында Бишкек шаарынын 70тен ашык судьялары жана Бишкек шаардык сотунун төрагасы А.Алыбаев жана анын орун басарлары, ошондой эле, Бишкек шаарынын райондук сотторунун төрагалары катышышты.


Өткөрүлгөн жыйында сот адилеттүүлүгүн автоматташтыруу процесси активдүү жүрүп жаткандыгы баса белгиленди. Буга байланыштуу, 2020 -жылдын январь айынан тарта автоматташтырылган маалымат  системасы Бишкек шаарындагы экинчи инстанциялык сотторунда пилоттук режимде иштей баштагандыгы айтылды.


Ошондой эле жаны кылмыш- жаза мыйзамдары киргизилгендигине байланыштуу өзгөчө басым Бишкек шаарындагы жергиликтүү соттордун 2019-жылда жасалган иштерине коюулду. Бишкек шаары боюнча жалпы 2436 кылмыш иши каралса, анын ичинен 1415 иш райондук соттор, ал эми 1021 кылмыш иши Бишкек шаардык соту тарабынан каралган.


Соттук — укуктук системанын жаңы институту катары киргизилген Бишкек шаарындагы тергөө сотторунда бир жылдын ичинде 14 139 сотко чейинки өндүрүштөгү соттук материалдар каралган. Анын ичинен 7371 соттук материалдар же болбосо жалпы каралган соттук материалдардын 52,13 % түзөт. Талдоонун жыйынтыгында каралган иштердин көпчүлүгү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук тергөө сотуна туура келээри көрсөтүлгөн.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы тарабынан соттордун иштерди кароодо процесстик мөөнөттөрүнүн  тартиби  жана мыйзам ченемдерин сактоо тууралуу маселе көтөрүлдү.


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын «Медиация» мыйзамына байланышкан маселе көтөрүлүп,  Г. Калиева бул боюнча калк арасында жана сотко кайрылган жарандарга түшүндүрүү боюнча иштерин жүргүзүүгө жана сот актыларынын аткарылышына көзөмөлдү  күчөтүүгө үндөдү.


Ал эми үй — бүлөлүк талаш — тартыштарды чечүүгө байланышкан, атап айтканда ажырашуу, ата- энелик укуктан ажыратуу сыяктуу соттук иштерди кылдат изилдөө зарыл экендигин белгиледи.


Мындан тышкары жергиликтүү соттордун судьялары иштерди кароодо келип чыккан көйгөйлөрдү  чечүү үчүн жергиликтүү соттор менен Жогорку соттун  ортосундагы илимий эксперттик комиссиянын алкагында кызматташуу болуп турушу керектиги айтылды.


Ошондой эле, сотторду кесиптик ишмердүүлүгүндө  жана жеке турмушта этикалык жүрүм-турумдарды  сактоо маселеси дагы көз жаздымда калган жок.


Кеңешмени жыйынтыктап жатып, төрайым Кыргыз Республикасынын Ар-намыс кодексинин талаптарын судьялар так сакташы керек экендигин  эскертти.