KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз сотунун 95 жылдыгына карата кичи-футбол боюнча турнир уюштурулду

03 декабря 2019

Кыргыз Республикасынын сот түзүмүнүн 95 жылдыгына карата Жалал-Абад шаардык сотунун уюштуруусу менен Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сотторунун кызматкерлери арасында кичи-футбол таймашы болуп өттү. Бул спорттук мелдеште жалпысынан 10 команда ат салышты.


Ар бир команда футбол боюнча  өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүшүп, турнир башынан аягына чейин өтө курч атаандаштыкта жана абдан кызыктуу өттү. Жыйынтыгында мыкты деп табылган 3  командага кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.


Биринчи орунду жана турнирдин өтмө кубогун Сузак райондук сотунун кызматкерлери багындырышса, экинчи орунду Жалал-Абад шаардык сотунун кызматкерлери алышты. Ал эми үчүнчү орунга Кара-Көл шаардык сотунун командасы татыктуу болду.


Мындан сырткары мелдештин шартында көргөзүлгөн “мыкты дарбазачы”, “мыкты коргоочу”, “мыкты оюнчу”, “мыкты чабуулчу”, “мыкты уюштуруучу” номинациялары боюнча да татыктуулар аныкталып,  грамоталар менен сыйланышты.


 


Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы