KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Соттор волейбол боюнча мелдешти

04 декабря 2018

Жалал-Абад шаарында судьялардын  арасында волейбол боюнча спорттук мелдеш болуп өттү.


Аталган спорттук мелдешке Жалал-Абад областтык соту, Ош областтык соту, Ош шаардык соту, Баткен областтык соту болуп  жалпысынан 4 команда катышышты.


Спорттук мелдешти салтанаттуу ачып жатып Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу Бактыбек Султанканов ар бир адамдын эӊ жогорку байлыгы болгон ден-соолукту чыңдоо үчүн, мамлекеттибиздин сот тутумунда мурдатан салт катары келе жаткан спартакияданы өткөрүү, ар областтагы судьялардын биримдигин күчөттүү, ынтымакка жана достукка чакыруу экендигин белгиледи.


Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында түштүк регионунун сотторунун судьяларынын арасында өткөрүлүп жаткандыгын айтты.


Иш чарага  Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу Бактыбек Султанканов, Ош областтык сотунун төрагасы Айвар Куватов, Базар-Коргон райондук сотунун төрагасы Сулайман Эргешов, Ноокен райондук сотунун төрагасы Данияр Осконов, Таш-Көмүр райондук сотунун төрагасы Алтынбек Садыков, Сузак райондук сотунун төрайымы Айжан Смадиярова, Жалал-Абад шаардык сотунун төрайымы Элмира Сулайманова жана судьялар Бакытбек Мажитов, Нурлан Миркамилов катышышты.


 Жыйынтыгында  мыкты  деп  табылган  командаларга кубок, диплом жана  акчалай сыйлыктар  тапшырылды.


Биринчи орунду  жана кубокту Ош областтык сотунун судьялары багындырса, экинчи орунду Жалал-Абад областтык сотунун судьялары алышты. Ал эми үчүнчү орунду Ош шаардык сотунун судьялары ээлесе, төртүнчү орунга Баткен областтык сотунун судьялары татыктуу болду.


Мелдеште мыкты оюнчулар аныкталып, кызыктыруучу байгелер берилди.


Белгилей кетүүчү жагдай,  судьялардын арасындагы  волейбол боюнча  кийинки мелдеш Ош областтык сотунда өткөрүлмөй болду.


 


Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы


Мирлан Торомаматов