Ысык-Көл облустук сотунда 2018-жылдын 3-декабрында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз Айтматов» аттуу адабий кече өткөрүлдү.
Иш чарага сот тутумунун кызматкерлери катышып, залкар жазуучунун өмүр таржымалы жана чыгармачылыгы жөнүндө кеңири маалымат алышты. Кеченин алкагында Ч.Айтматовдун “Жамийля” , “Биринчи мугалим” повесттеринен, “Ак жаан” жана “Атадан калган туяк” аңгемелеринен көркөм окуулар уюштурулду.
Адабий кече кызматкерлердин сүйлөө маданиятын өстүрүү жана алп калемгерибиз Чыңгыз Айтматовдун ааламын ар тараптан ачып берүү, анын чыгармаларын жайылтуу жана жазуучунун өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу менен бирге жаңы муунду мекенчилдикке, табиятты коргоого жана сактоого, адамгерчиликке, гуманизмге чакыруу максатында өткөрүлдү.
Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы,
Гульзада Аширбаева