Ысык-Көл областынын Административдик сотунда айрым мыйзам актыларына кирген өзгөртүүлөрдү талкуулоого арналган тренинг болуп өттү. Иш чарага Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун судьялары катышышты.
Тренингдин биринчи бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине 2020-жылдын 11-апрелинде киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маселелер каралды. Ысык-Көл областтык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьялары Мира Шамбетова жана Уланбек Суранчиев мыйзамдарга киргизилген жаңы өзгөртүүлөрдү талкуулап, түшүндүрмөлөрдү беришти.
Тренингдин экинчи бөлүгүндө Ысык-Көл областтык сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын төрайымдын орун басары Анара Омуралиева тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75-жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10-жылдыгына байланыштуу кабыл алынган мунапыс жөнүндөгү мыйзам ортого салынып, пикирлер угулду.
Иш чаранын соңунда Ысык-Көл областтык сотунун төрайымы Гулкайыр Алиева судьяларга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү үчүн сунуштарды даярдоо керектигин белгиледи.
Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы
Гульзада Аширбаева