KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Каракол шаардык жана Ысык-Көл райондук сотторунда жаңы төрагалар шайланды

29 ноября 2019

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2019-жылдын 11-январындагы №1 токтому менен кабыл алынган  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Регламентине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде 2019-жылдын 27-ноябрында Ысык-Көл райондук сотунун судьяларынын чогулушунда Акматова Мээрим Маматкадыровна аталган соттун төрайымы болуп шайланды.


Ошондой эле, 2019-жылдын 14-ноябрында Каракол шаардык сотунун судьяларынын ачык добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен шаарык соттун төрагасы болуп, Иманбеков Ильяс Ринатович шайланды.


Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндөгү» конституциялык Мыйзамынын


24-беренесине ылайык соттордун төрагалыры жана алардын орун басарлары тиешелүү жергиликтүү соттордун судьяларынын чогулушунда үч жылдык мөөнөткө шайланышат.