KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

“Ата-Бейит” комплексинде Баткен облусунда өлкө чек арасын коргоодо курман болгон аскер кызматкерлери үчүн митинг-реквием өтүп, танктын ичинде тирүүлөй өрттөлгөн экипаждын үч мүчөсүнүн сөөгү жерге берилди

26 сентября 2022




Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда бүгүн, 26-сентябрда, “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгон УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери – танк экпиажынын мүчөлөрү Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков катышты.


Экипаждын үч мүчөсү аткылоонун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөктөрдү аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жасалган.


Мамлекет башчысы курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, митинг-реквием өттү.


Митинг-реквиемдеги өз сөзүндө  Президент Садыр Жапаров төмөнкүлөрдү белгиледи:


Урматтуу кыргызстандыктар!


Бүгүн биз Кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап, Эгемен Кыргызстанды кийинки урпактарга – бизге мурас кылып калтырып кеткен ата-бабаларыбыздын сөөгү жаткан ыйык Ата-Бейитте турабыз. Бирок бул жолу демейкидей алардын рухтарына таазим этип, Куран окуганы эмес, алардын катарына Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү, кыргыз элинин бейпилдиги үчүн өмүрүн сайып, курман болгон эр жүрөк жоокерлерибиздин катарындагы азаматтарыбыз — Шерали Ураимбекович Анаркуловду, Санжарбек Нурмаматович Анаркуловду жана Жаңыбай уулу Тилекти акыркы сапарга узатууга келип,  кабыргабыз кайышып турат.


Курман болгон баатыр жоокерлерибиздин ата-энелерине жана ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ушундай эр жүрөк уулдарды тарбиялап өстүргөнүңүздөргө башымды ийип, таазим кылам. Эр-азамат уулдарыбыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Баатырларыбыздын эрдиги эч качан унутулбайт. Алардын аттары эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калат.


Урматтуу агайын туугандар!


Бул күндөрдө жалпы кыргызстандыктар, алыс-жакында жүргөн мекендештерибиз — баарыбыз Баткен жергесине болгон куралдуу кол салуунун, агрессиянын натыйжасында 62 жараныбыздын өмүрү кыйылганына сай-сөөгүбүз сыздап турган убагыбыз.


Буга чейин эле көйгөй жараткан кыргыз-тажик чек арасын Кыргызстан тарап ар дайым сүйлөшүү жолу менен чечүүгө умтулуп келген. Дегеле кыргыз эли эч качан бирөөнүн жерине көз артып, кандай жол менен болсо да басып алайын деген эл эмес. Кыргыз эли — ар дайым калыстыкты туу туткан, акыйкат жолду тандаган, нарк күткөн айкөл эл, бийик эл. Пейилин кенен коюп, кучагын жайып, канчалаган элдерди батырган кеменгер эл. Айкөл Манас атабыз “Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган” эл.


Таза ниет менен салам айтып келгенге сунаарга ашы даяр, жаман ниет менен келгендерге кынында кылычы даяр элибиз тарых барактарында далай жолу катылгандын катыгын берип келген улуу эл!


Ал эми кылымдардан бери коңшу жашап келе жаткан тажик элинин башында тургандар чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн ордуна, алдын ала чагымчыл план түзүп, бир эле учурда ар кайсы жерден чабуул жасап, маселени агрессия жолу менен чечип жерлерин басып эле алабыз  деген арам ой менен Кыргызстанга кол салышты. Ал тургай чек арадан алыс жайгашкан облустун жүрөгү — Баткен шаарын дагы реактивдүү куралдар менен аткылашты. Өрүкзарлуу Баткен жергебизге бүлүк салды. Бейпил жаткан элибиздин башына каран күн түштү. Жүз миңдеген элибиз туруктуу конушунан козголуп, кооптуу аймактарга кетүүгө аргасыз болду.


Бирок кыраан Манас атабыздын урпактары Ата Журттун топурагын көркоолорго тепселетпейбиз деп, Баткен жерине оор техникалар менен бастырып кирген баскынчыларга татыктуу жооп кайтарды, тикесинен тик туруп, аскерий техникаларынын таш-талканыны чыгарып, артка кууп чыгышты. Бири кем дүйнө, куралдуу жаңжалда душмандын ажал бүрккөн окторунан Мекенин сүйгөн эр-жигиттерибиздин кырчындай өмүрлөрү кыйылды. Алардын аталары сыздап, энелери боздоп, жубайлары, балдары кан какшап ыйлап калышты. Кайрат кылыңыздар, мамлекет силерди унутта калтырбайбыз.


Элимдин, жеримдин бейпилдигине жооптуу болгон менин да жүрөгүм тилинип, канап турат.


Баскынчылар басып кирип, өлүм огун жамгырдай жаадырып киргенде: “Баткенибиздин бир укум жерин да баскынчыларга бербейбиз” деп аскер башчысына доклад кылып жаткан жүрөгү тоо жоокерлерибиз, булар кыргыз элимдин кыраандары!  “Аруу кыргыз жерине душмандын бутун бастырбайбыз, акыркы огубуз калганча атышабыз” деп жалындаган ар-намыска бек эр-азаматтарыбыз, “жоо колуна түшкүчөктү аларды чогуу ала жатайын” деп гранатасын жардырып, өлүмгө тике караган кыраандарыбыз дүйнөгө эр Манастын урпактары экендиктерин дагы бир жолу тастыктап кетишти.


Кымбаттуу калайык калк!


Башына күн түшкөндө бир туунун астына биригип, кыйын кырдаал жаралганда бир муштумдай түйүлүп, ар кандай турмуш сыноолорунан татыктуу чыгып келген элибиз бул ирет дагы ынтымагынан жазган жок.


“Баткеним биз сени менен!” деген ураан астында бүт кыргызстандыктар Баткенге кол сунду. Ак саамалайлуу апаларыбыз: “Муңайбагыла, башыңарды бийик көтөргүлө, балдарым! Силер баатыр элдин тукумусуңар!” деп дем берип турса, ар улуттагы жарандарыбыз, атүгүл тажик улутундагы жарандарыбыз дагы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз, атүгүл кичинекей бөбөктөрүбүздөн бери өз муктаждыгына деп чогулткан тыйын-тыпырларын тапшырып жатышты. “Жаным жандаш, каным кандаш” деп, кан тапшыргандар күн-түн дебей кезектешип кан беришти. Алыс-жакында жүргөн мекендештерибиз: “чек арадагы көкжалдарыбызга эмне жабдуулар керек болсо, алып беребиз” деп алыстан боор тартып, сарсанаа болуп турушту.


Мына ушундай биримдиги бекем, ынтымагы чың кыргызстандыктарымдын  улуу салтынан, улуу наркынан айланып кетсе болот. Барыңыздарга ырахмат айтамын! Мындай урагыс биримдиги турганда кыргыз элин эч ким жеңе албайт!


Урматтуу баатыр уулдардын ата-энелери, жубайлары, ага-туугандары!


Силердин арка-бел туткан тооңор көчкөн жок! Чырак туткан ак шамыңар өчкөн жок! Силердин уулдарыңар Мекен үчүн шейит болушту. Жараткан шейит даражасын баарына эле буюра бербейт. Бул баатырлардын артында калдайган калың кыргыз эли, аскасы бийик кыргыз жери турат! Баатырларынын эрдигин даңктап, атын өчүрбөй турган эгемен мамлекети турат! Айкөл кыргыз эли, эгемен кыргыз мамлекети силерге арка-бел, шам-чырак болуп берет!


Кайрат кылыңыздар! Сабыр кылыңыздар! Кайратыңыздардан жанбаңыздар!


Кадырлуу кыргызстандыктар, кылымдарды карыткан кыргыз эли мындай кыйчалыш кырдаалдардын далайын баштан кечирип, биримдиги менен жеңип чыккан улуу эл экенибизди унутпайлы. Мындан ары дагы ошол улуу нарк менен башыбызга кандай гана күн келбесин, баарын жеңип чыгабыз.


Биз жамы кыргыз журтчулугу үчүн мааниси терең, Кыргызстанга расмий иш сапарлар менен келген чет өлкөлөрдүн жетекчилери келип урмат кылып, баш ийе турган Ата-Бейитке Баткен чегин коргоп жатып курман болгон баатырларыбызга арнап эстелик-монумент тургузабыз. Бул монументке чек арабызды коргоп жатып курман болгон жоокерлерибиздин бардыгынын ысымдары киргизилет.  Ар жылы келип, мамлекет түптөгөн ата-бабаларыбызга, эгемендик үчүн, Мекен чеги үчүн курман болгон жоокерлерибизге таазим кылып, эскерип турабыз. Аларга баатырлар деген наам ыйгарылат.  Себеби, бул инсандар кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги үчүн жан берип, өз кандары менен тарых жазышты. Ошондуктан алардын урматына ар дайым башыбызды ийип, таазим кылышыбыз абзел. Кийинки муун өз Мекенинин татыктуу, тарыхый атуулдарын билиши керек! Алар менен ар качан сыймыктанып, эрдиктерин жана каармандыгын даңазалап айтып жүрүшү кажет! Ошондо өткөндү сыйлап, келечекке умтулган болобуз! Ошондо ишибиз оң, багытыбыз түз болот!


 Канын кең Мекенине, жанын Кыргызстан жерине арнаган бир боорлорум! Ала-Тоонун калканы болуп, акка моюн сунган азаматтар!


Силер кылымдарды карыткан улуу Кыргызстан элинин бейпилдиги, керемет Кыргызстан жеринин тынчтыгы үчүн кармашып жатып курман болдуңар. Берген антыңарга бекем турдуңар, айткан шертиңерден кайткан жоксуңар. Кыргызстандын намысы деп жатып жан бердиңер. Силердин Мекен деп төккөн каныңар жерде калбайт, эрдигиңер эч качан унутулбайт. Атыңар өчпөй ааламга тарайт, кылымдарга жашайт. Силер менен ата-энеңер, уул-кыздарыңар эле эмес, жалпы кыргызстандыктар сыймыктанат. Силердин баатырдыгыңар, каармандыгыңар менен кийинки муун сыймыктанып, “Кыргызмын”, “кыргызстандыкмын!” деп баштарын бийик көтөрүп, душмандын көзүнө тике карашат!


Кымбаттуу баатырларым, жаткан жериңер жайлуу, топурагыңар торко болсун! Жаратканым бейишинен  берсин!”.


Президент белгилегендей, «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек араны коргоодо аскердик милдетин өтөө учурунда курман болгон аскер кызматчыларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында эстелик орнотулат.


Мамлекет башчынын сөзүнөн кийин аза күтүү музыкасынын коштоосунда Ардактуу кароол ротасы УКМКнын Чек ара кызматынын үч аскер кызматкери – танкчылар Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектан сөөгүн жерге беришти.


Үч жолу ок атылды. Президент Садыр Жапаров жоокерлердин мүрзөсүнө  топурак салып, куран окулду.