KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Лейлек райондук сотунда маалыматтык жолугушуу болду

14 сентября 2020

Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун судьялары жана сот кызматкерлери К ыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Сүлүктү шаары жана Лейлек району боюнча пробация департаменти менен маалыматтык жолугушуу өткөрдү.


Жолугушууда Лейлек райондук сотунун төрагасы Э.Б.Абдимиталипов сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Пробация мыйзамынын аткарылышы, пробациялык көзөмөл колдонулган айыпталгандардын мөөнөтү аяктагандан кийинки маселелер боюнча пикирин жана сунуштарын билдирди. Жолугушуунун калган катышуучулары менен пробация мыйзамынын колдонулушу боюнча талкуулар жүргүзүлдү.


Пробация мыйзамын өнүктүрүү жана пробациялык көзөмөл колдонулган айыпталгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын Пробация мыйзамынын кээ бир ченемдери талкууланып, жыйынтыгында мындай жолугушууларды  уюштуруп туруу жагы макулдашылды.