KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Лейлек райондук сотунда маалыматтык жолугушуу болду

26 ноября 2020

Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов, судья Канатбек Салиев жана сот кызматкерлери Лейлек районунун Исфана шаардык аксакалдар сотунун төрагасы Байбабаев Комилжан, Сүлүктү шаары жана Лейлек району боюнча пробация департаментинин башкы адиси Эрмек Аманов  жана медиаторлору Мубарак Кадырова, Чынгыз Карымшаков, Лейлек районунун прокурорунун жардамчысы Улан Токтосунов, Лейлек райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкери Эржигит Пирматов менен жолугушту.


Жолугушууда медиация  жана  аксакалдар сотунун ишмердүүлүгү боюнча кыскача маалымат берилип,  медиаторлордун жана аксакалдар сотунун көмөктөшүүсү менен талашты жөнгө салуунун жол-жоболору жөнүндө, ошондой эле өз ара кызматташуусунда жана пробация институтунда  пайда  болгон көйгөйлүү маселелер каралып, аларды чечүү жолдоруна токтолушту.


Сүйлөшүүлөрдүн  соңунда аксакалдар соттору жана медиатор борбору, пробация кызматы менен өз ара тажрыйба бөлүшүү, усулдук жардам көрсөтүү боюнча жолугушууларды бат-баттан уюштуруп туруу жагын макулдашышты.