KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунда орчундуу маселелер талкууланды

02 декабря 2019

Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун төрайымы Каипова Нурила Кочкоровна жана судья Мажитов Бакытбек Омурзакович “Кыргыз Республикасынын Жер кодекси”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Мыйзамын түшүндүрүү боюнча иш чараларынын алкагында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, айыл өкмөттөрдүн башчылары жана жер адистери, Сузак районун айыл өкмөттөрүндөгү аксакалдар сотторунун төрагалары, Сузак райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү.


Иш чаранын максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын түшүндүрүү жана колдонуу боюнча усулдук жардам көрсөтүү.


Жолугушуунун башталышында Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун төрайымы Нурила Каипова жана судья Бакытбек Мажитов “Кыргыз Республикасынын Жер кодексин”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын түшүндүрүп беришти.


Жолугушууга катышкандар жогорудагы мыйзамдар, мурунку айыл өкмөттөр тарабынан берилген токтомдор, чечимдер, буйруктар жана арендага, үлүшкө берилген жерлер боюнча  суроолорду беришип, аларга кеңири жоопторун алышты.


Жолугушуунун жыйынтыгында, Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун төрайымы Нурила Каипова жана судья Бакытбек Мажитов Сузак районундагы айыл өкмөтүнүн башчыларын жана жер адистерин, Сузак районун айыл өкмөттөрүндөгү аксакалдар сотторунун төрагаларын жолугушууга келишкенине ыраазычылык билдиришип, иштерине ийгилик каалашты.


 


Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы.