Кыргыз Республикасынын сот түзүмүнүн түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата Нарын облусундагы сот тутумунун кызматкерлеринин арасындагы кичи футбол боюнча кезектеги мелдеш Ат-Башы райондук соту тарабынан уюштурулуп, ал Ат-Башы жергесинде өттү.
Тоолуу аймактын Фемида өкүлдөрү тарабынан салтка айланып калган кичи футбол боюнча аталган мелдеш быйылкы жылдагы уюштурулуп жаткан мелдештердин бешинчиси болуп калды. Бир жагынан спортту өнүктүрүү, ошондой эле райондук соттордун арасындагы байланышты бекемдөө максатын аркалаган мелдеш талаасында сегиз команда эки тайпага бөлүнүп алышып күч сынашты.
Бир күн бою созулган мелдештин жарым финалына Нарын райондук соту менен райондор аралык сотунун кошмо командасы, Нарын облустук сот департаментинин, Нарын облустук сотунун жана Ак-Талаа райондук сотунун командалары суурулуп чыгышты.
Натыйжада финалда Нарын райондук соту менен райондор аралык сотунун кошмо командасы менен Ак-Талаа районунун командасы кез келишип, мелдештин өтмө кубогун Нарын райондук соту менен райондор аралык сотунун кошмо командасы ишенимдүү жеңип алышты. Ал эми үчүнчү байгелүу орун пенальтинин жыйынтыгы менен аныкталып, ага Нарын облустук сот департаментинин командасы көтөрүлүштү.
Мындан сырткары мелдештин шартында көргөзүлгөн “мыкты дарбазачы”, “мыкты коргоочу”, “мыкты чабуулчу” сыяктуу номинациялар боюнча да татыктуулар аныкталып, акчалай сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышты.