KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Биринчи май райондук сотунда аксакалдар соттору менен жолугушуу болду

10 октября 2019

2019-жылдын 4-октябрында  Бишкек шаарынын биринчи май райондук сотунда аксакалдар соттору менен кезектеги жолугушуу болду.


Иш чарага Биринчи май райондук сотунун судьялары, Аксакалдар соту ассоциациясынын мүчөлөрү, ошондой эле  Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер  боюнча мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Р.А. Мендекеев  катышты.


Жолугушууда аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн жүргүзүү менен укук-ченемдик жөнгө салууга байланышкан маселелер талкууланды .


Жыйынтыгында кийинки жолугушуу 2019-жылдын 25-октябрына белгиленди.