Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту бугүнкү Балалыктын майрамында сот кызматкерлеринин балдары үчүн жаш өспүрүмдөр сүрөтүнүн сынагын жарыялады.
Балдарыбызды Мекенди сүйүүгө, атуулдук көз карашын калыптандырууда көркөм сүрөт өнөрүнүн таасири чоң. Таланттуу балдарды тарбиялап гана чыгарбастан, алардын жөндөмүн колдоо белгиленди.
Сынак катышуучулардын жашына жараша үч топко бөлүндү. Кенже курактагылар 5 жашка чейин, 5 жаш 10 жашка чейин орточо курактагылар, 10 жаштан жана андан жогорулар катталды.
Кенже курак категориясында мыктылардын мыктысы деп 2 жаштагы Аруузаттын сүрөттөрү байгеге ээ болсо, ортоңку курак категориясында 7 жаштагы Аман, 9 жаштагы Азалия жана 7 жаштагы Али утушка жетишти. Жогорку курактагылардын жеңүүчүсү болуп Дарья таанылган. Ал 14 жашта.
Белгилей кетүүчү нерсе бардык катышуучуларга сынакка катышкандыгы үчүн кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.