Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күнүнө карата 2019-жылдын 3-декабрында Талас облусунун жергиликтүү соттору мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо жана жардам көрсөтүү максатында Талас райондук билим берүүчү атайын жатак-мектебине барышып, балдар жана тарбиялоочулар менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда аталган жатак-мектептин, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоо жана такмактануу шарттары, ошондой эле үйрөтүү-тарбиялоо процесстери менен таанышып чыгышты.
Талас облусунун жергиликтүү сотторунун атынан келген судьялар — Талас облусунун төрагасы Мирлан Боромбаев жана судьялар Айнура Султаналиева менен Жылдыз Жумагулова аталган мектептин балдарына чогултулган каражаттын эсебинен таттууларды таратышып, азык-түлүк, окуу куралдарын жана акчалай жардамын көрсөтүштү.
Талас райондук билим берүүчү атайын жатак-мектебинин жетекчилиги жана тарбиячылары балдарга карата көрсөтүлгөн колдоо үчүн терең ыраазычылыгын билдиришти.
Талас облустук сотунун
Пресс кызматы