KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунда 2020-жылдын биринчи кварталында каралган иштердин сапаты боюнча чогулуш өткөрүлдү

02 июня 2020

Жакында Талас облустук сотунда, Талас областынын жергиликтүү соттору менен 2020-жылдын биринчи кварталында каралган иштердин сапаты боюнча чогулуш өткөрүлдү.


Омурлан Тункатаров, Жылдыз Жумагулова жана Жекшеналы Курманбаев Талас областынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын сот адилеттүлүгүн жүзөгө ашырууда иштердин кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча маалымат менен тааныштырды.


Жыйында ошондой эле бардык категориядагы иштерди жана соттук материалдарды кароодо келип чыккан суроолор боюнча жана соттун экинчи инстанциясына даттанылган соттук актылардын жокко чыгарылышы жана өзгөртүлүшү боюнча талкуулар жүргүзүлүп, судьяларга сот адилеттигин жүзөгө ашырууда кетирилген кемчиликтерине көңүл бурулду.


Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдын талабын жана Судьянын ар-намыс кодексинин бекем сактоого, ошондой эле соттук иштерди кароонун сапатын жогорулатууну жана иштердин кароосунун процессуалдык мөөнөттөрүн сактоону чакырды.


Мындан тышкары, жыйындын аягында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Адилеттүүлүгүнүн жогорку мектебинин тренерлерди дайындоо (ТоТ) программасы боюнча окуп келишкен Талас облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Жылдыз Жумагулова, Жекшеналы Курманбаев, Омурлан Тункатаров жана судьялары Гулнара Абылкасымова, Айнура Султаналиевалар тарабынан “Пробация” жонүндө мыйзам колдонуу, “Бүтүмдөр жөнүндөгү талаштарды сотто кароо”, “Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси жана Жазык-процесстик кодексинин эрежелери боюнча жаза белгилөөнүн өзгөчөлүктөрү”, “Адам сатуу боюнча кылмыштары менен байланышкан” иштерди кароо жөнүндө, “Мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын колдонуу жана Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча семинар өткөрүлдү.


Семинардын сонунда сот адилеттигигин жүзөгө ашырууда кездешкен жагдайлар талкууланды.


Талас облустук сотунун


Басма сөз катчысы А. Чекеева