KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунда биринчи инстанциядагы соттордун экономикалык иштерди кароодогу өзгөчөлүктөрү талкууланды

21 октября 2020

Талас облустук сотунда Талас областынын шаардык, райондук жана Административдик соттун судьяларын  катышуусу менен экономикалык иштердин  талаштар боюнча кароосун жана жарандык иштердин сот ондүрүшүнө даярдоонун өзгөчүлүктөрү боюнча, мыйзамдарды бирдиктүү колдоонунун максатында семинар өткөрүлдү. Семинардын лекторлору катары  Талас облустук сотунун  төраганын орун басарлары жана судьялары — Айнура Султаналиева, Жекшеналы Курманбаев, Темирбек Ибраимов  жана Административдик соттун төрагасы Нурман Нартаев  түшүндүрмө беришти. Аталган  семинардын темалалары болуп: “Биринчи инстанциядагы соттордун экономикалык иштерин кароосунун”, «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана “Жарандык иштерди соттук териштирүүгө даярдоо” бекитилди.


Семинардын жүрүшүндө экономикалык иштердин кароонун өзгөчөлүктөрү, юридикалык жактардын банкрот деп табылган боюнча мыйзамдын колдонулушу, ошондой эле жергиликтүү соттордо соттук практикасында жарандык иштердин соттук териштирүүгө даярдоодо болгон айырмачылыктары жөнүндө маселелер талкууланды. Ошондой эле семинардын катышуучуларына жарандык иштерди дайындоодо “Жарандык иштердин соттук териштирүүгө даярдоо” боюнча Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун Пленумунун токтомунда көрсөтүлгөн түшүндүрмөлөрүн эске алышын белгилешти.


 


 


 


Талас облустук сотунун


        басма сөз катчысы    А.К.Чекеева