KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында калыбына келтирүүчү медиация боюнча маалыматтык семинар өтүп жатат

28 июня 2019

Бүгүн, 28-июнда Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында Кыргыз Республикасынын судьялары жана прокурорлору үчүн калыбына келтирүүчү медиация боюнча бир күндүк маалыматтык семинар өз ишин баштады.


Саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун орун басары — Алымбекова Галия Темирхановна, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөөчү кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун директору — Давлетбаева Гулмира Конокбаевна, Кыргыз Республикасындагы өнүгүү укуктары боюнча эл аралык уюмдун Филиалынын (IDLO) директору  —  Уильям Альфред Хьюстон, IDLOнун кеңешчиси — Дильбара Максимбекова белгилегендей, судьялар жана тергөөчүлөр мыйзамга ылайык талаш-тартыш тараптарды маалыматтык жолугушууга, башкача айтканда медиаторго жөнөтүүгө укуктуу. Маалыматтык жолугушуу учурунда медиатор талаш — тартыштын тараптарына медиациянын маани-маңызын жана принциптерин түшүндүрөт, эгер тараптар талаш-тартышты жөнгө салууга макул болушса, медиацияны колдонуу жөнүндө келишимдин шарттары макулдашылат. Башкача айтканда, талаш-тартыш ишин сотко жеткирбей жөнгө салууга болот.


Эл аралык тренерлер катары Латвия Республикасынын Мамлекеттик пробация кызматынын коомдук катышуусун медиациялоо жана кординациялоо Департаментинин жетектөөчү эксперти — Диана Зиединя, ал эми улутук тренер катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Коомдук кеңешинин төрайымы — Омурканова Чолпон Аскербековна чыгышат.


Аталган семинарда тренерлер катышуучуларга судьялардын жана прокурорлордун медиаторлор менен кызматташтыгынын жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө өзгөчөлүктөрү, ошондой эле латвияда жазык процессинде медиацияны жүргүзүү боюнча Латвиянын Мамлекеттик пробация кызматынын иш тажрыйбасы  менен бөлүшүшөт.


Калыбына келтирүүчү медиация – бул  криминалдык жана/же татаал чыр-чатактан келип чыккан кырдаалдарда, адамдардын бири-бирин түшүнүүсүнө жана сүйлөшүүсүнө, көйгөйлөрдү чечүү үчүн  ылайыктуу варианттарды макулдашуу, калыбына келтирүү үчүн (зарыл болгон учурда моралдык зыяндын ордун толтуруу жана келтирилген зыянды толуктоо) медиатор мүмкүнчүлүктү жана шарттарды түзүүчү процесс.


Жазык процессинде медиацияны колдонуу процессинин максаты болуп төмөнкүлөр саналат:


1. Медиация процессинде жабырлануучуга көмөк көрсөтүү, коопсуз жана көзөмөлдөнгөн  шартта, жолугушууну ыктыярдуу негизде өткөрүү.


2. Бул укукбузуучуга Кылмыш жосуну жабырлануучуга кандай таасир эткендигин билүүгө жана жасаган кыймыл-аракети үчүн жоопкерчиликти кабыл алууга түрткү берет.


3. Кылмыштын кесепетинен келип чыккан  таасирди жоюу же азайтуу үчүн, жабырлануучу менен укук бузуучунун өз ара келишимге келүүсүнө шарт түзүү.


Семинар  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан  Кыргыз Республикасындагы өнүгүү укуктары боюнча  эл аралык уюмдун филиалынын (IDLOнун) колдооосу менен өткөрүлүп жатат.


Семинардын аягында жыйынтык чыгарылып, сертификат тапшырылат.