KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сотто жергиликтүү соттордун төрагалары үчүн автоматташтырылган маалымат системасынын программасы презентацияланды

22 февраля 2019

2019-жылдын 22- февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда  жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары үчүн   Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасы тарабынан ишке ашып жаткан соттордогу автоматташтырылган маалымат ситемасынын презентациясы болду.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  Аппарат жетекчисиинин орун басары  Эркин Искаков,  Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын электрондук сот адилеттиги жана соттук башкаруу боюнча   негизги эксперти Кристоф Копецки, ошондой эле Программанын улуттук эксперти Гульнура Толеевалар катышышты.


Аудиторияга  Чүй облусунун Аламүдүн райондук  сотунун судьясы  Азамат Узакбаев, Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалымат технологиялары боюнча мекемесининин жетекчиси Александр Юрьев жана автоматташтырылган маалымат ситемасын иштеп чыккан    “ Бизнес жана инновациялар борбору” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү Илзат Исмаилов презентациялашты.


Бул системаны   сот өндүрүшүндө  колдонуу, сот ишти кабыл алгандан тартып, чечим  чыкканга чейин жана андан ары даттануусун көзөмөлдөөгө жардам берет.       Бүгүнкү  презентация учурунда  аталган системанын артыкчылыктары айтылды.  Тагыраак айтсак, судьялардын жүктөмдүгү жана алардын белгиленген иштеринин графиги туурасында  ыкчам маалымат алуу,  күтүү залында монитордо онлайн  түрүндө сот отурумдарынын графигин көрсөтүү, тараптардын толук маалымат базасын каалаган учурда  кагазга чыгарып бере турган электрондук эсептик-статистикалык карта, иштерди автоматтык түрдө издөө,тараптар боюнча кайталанма доо арыздарды  аныктоо,   аз эмгекти талап кылган  статистикалык  отчетторду түзүүү, электрондук иштин сакталышы жана коопсуздугу жана башкалар.


Белгилүү болгондой, автоматташтырылган  маалымат системасы алгач 3 пилоттук сотто:  Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда, Бишкек шаарынын райондор аралык соту жана Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда киргизилген болчу. Учурда  автоматташтырылган маалымат системасы программасынын каттоо модулу  республикадагы биринчи инстанциядагы бардык сотторго киргизилди.


Бүгүнкү күндө  республикадагы  72 соттун 20на аудио жана видео жазуулар ситемасы  орнотулуп, дагы 52 сотко 2019-жылдын соңуна чейин  киргизүү  пландаштырылып жатат.