KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сотто тергөө судьялары менен видеоконференция  болду

08 января 2019

2019-жылдын 8-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын кезектеги  видеоконференция өттү.  Ага  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева, төрайымдын орун басары Каныбек Бокоев,  Жогорку соттун судьялары, ошондой эле жергиликтүү соттордун төрагалары жана тергөө судьялары катышышты.


Жыйында  Г. Калиева 2019-жылдын 1-январынан  баштап жаңы мыйзамдар жана кодекстер күчүнө киргендигин айтып, аны  менен бирге жаңы процессуалдык фигура тергөө судьясы иштеп баштагандыгын белгиледи.  Төрайым  тергөө судьяларына кайрылып, өздөрүнүн  өндүрүшүндөгү иштерди бир айдын ичинде тезинен карап чыгууну тапшырды.


Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы боюнча төрайымдын орун басары Каныбек Бокоев  жергиликтүү  соттордо  жаңы кодекстерди колдонууда пайда болгон суроолорго ыкчам жооп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунда   атайын эксперттик  топ түзүлгөндүгүн  маалымдады.


Онлайн режиминде өткөн жыйында кирип жаткан жаңы нормалар, аны колдонууда  пайда болгон   суроолор ортого салынып талкууланды.


Гульбара  Калиева  мындан ары ар  аптанын жума  күндөрү  жергиликтүү  соттор менен  видеоконференция өткөрүлүп тураарын маалымдады.