KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

КР Жогорку сотунда жарандык жана административдик иштер боюнча соттук практиканы жалпылоо жана сот актыларынын анализинин жыйынтыктарын талкуулаган тегерек стол болду

17 мая 2019

2019-жылдын  17-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жарандык жана административдик иштер боюнча  соттук практиканы жалпылоо жана  сот актыларынын анализинин жыйынтыктарын талкуулаган тегерек стол  болду.


Иш чарага  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева, Жогорку соттун жарандык иштер боюнча, административдик жана экономикалык иштер  боюнча соттук коллегиялардын судьялары, ошондой эле  жергиликтүү соттордун судьялары, соттук актылардын анализи боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү, эксперттер,   Өнүгүү укугу боюнча эл аралык  уюмунун   (IDLO)  өкүлдөрү катышышты.


Жогорку соттун төрайымы Г.Калиева  жумушчу топтор жана эксперттер тарабынан  соттук актылар боюнча иштелип чыккан анализдер, сунуш-пикирлер судьялардын ишине жардам берерин билдирди.


Буга чейин Өнүгүү укугу боюнча эл аралык  уюмунун   (IDLO)  Ишенимдүү сот Программасынын   алкагында  жумушчу топтор түзүлгөн. Биринчи категориядагы  жарандык коомдун жумушчу тобу  act.sot.kg  сайтына  жайгаштырылган соттук актыларга анализ жасашкан. Ал эми экинчи категориядагы жумушчу топко жергиликтүү соттордун  судьялары киришип, юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо боюнча  соттук практикаларга  жалпылоо  жүргүзүшкөн.


Тегерек столдун жүрүшүндө 5 категориядагы иштер боюнча докладдар жасалды.  Бул  күрөөлүк  милдеттенмелер менен  байланышкан талаш-тартыштар боюнча  соттук актылардын анализи, салык талаш-тартыштары боюнча соттук актылардын  анализи жана   кошумча нарк салыгына байланышкан салык талаш-тартыштары боюнча  соттук актыларга анализ жасоо. Мындан тышкары, ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо  жөнүндө  жарандык иштер боюнча  соттук актылардын анализи,  юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо жөнүндө жарандык иштер боюнча  соттук актылардын анализи жана юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо жөнүндө жарандык иштер боюнча соттук практиканы жалпылоо.


Эксперттер  изилдөөлөрдүн алкагында, айрым соттук актылар сайтка жайгаштырылбай жаткандыгын, соттук актылардын түзүлүшүндө кээ бир катачылыктар кетип жаткандыгын аныкташкан.


Г. Калиева  бүгүнкү тегерек столдогу талкуу конструктивдүү негизде өтүп, жумушчу топтор тарабынан жасалган анализдер  мазмундуу болгондугун жана изилдөөлөрдүн алкагында  аныкталган катачылыктар менен жетишпестиктер  эске алынарын айтты.